Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда прокуратура кызматкерлери ишкерлер менен жолугушту

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун аймагында 9 айга карата ишкерлердин укуктарын коргоо багытындагы мыйзамдын аткарылышы боюнча 15 текшерүү жүргүзүлүп, 38 мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу прокуратура кызматкерлери менен ишкерлер жолуккан жыйында айтылды.

Маалым болгондой, тегерек столго Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Таалайбек Досов да катышып, ишкерлерге «Бизнести коргоо» мобилдик тиркемеси боюнча түшүндүрмө берди.

«Жалал-Абадда 30дан ашык ишкер менен бет маңдай отуруп, ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгүнүн көйгөйлүү маселелерин талкуулап, анда укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ишмердүүлүгүнө укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан мыйзамсыз кийлигишүү фактыларына бөгөт коюу маселелери көтөрүлдү.

Быйылкы жылдын 9 айына карата ишкерлердин укуктарын коргоо багытындагы мыйзамдын аткарылышы боюнча 15 текшерүү жүргүзүлүп, 38 мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Анын негизинде 10 сунуштама, 4 талап жана 1 эскертүү келтирилген жана укук бузуулар жөнүндө 1 токтом кабыл алынган. Прокурордук актыларды кароонун жыйынтыгында укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Салык кызматынын 5 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылган», — деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы прокуратура тарабынан иштелип чыккан «Ишкердиктин субъектилерин текшерүүлөрдү каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы жана «Бизнести коргоо» мобилдик тиркемеси боюнча презентация өткөрүлүп, колдонуу функциялары түшүндүрүлдү.

«Бизнести коргоо» мобилдик тиркемеси быйыл жыл башында Башкы прокуратура тарабынан иштелип чыккан. Ал ишкердик субъекттердин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз кийлигишүүсүн четтетүү, укуктук коргоону күчөтүү жана укук коргоо органдары жана Салык кызматынын органдары тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүдө коррупциялык тобокелдиктердин көрүнүшүнө каршы аракеттенүүгө багытталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE