Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда «гигант» ашкабак көпчүлүктүн көңүлүн бурду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында «Таза азык — ден соолук» аталышындагы айыл чарба көргөзмө-жармаңкеси өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара органикалык жол менен өндүрүлгөн азыктарды сатуу, тамак-аш коопсуздугунун өнүгүүсүнө салым кошуу максатында уюштурулду. Жармаңкеге Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука райондорунун тургундарынын, өз ара жардамдашуу топтору өстүргөн жашылчанын түрлөрү, багбанчылык, биогумус өндүрүргөн жарандардын продукциялары коюлду.

Жармеңкеге келгендерди сүт багытындагы Заанен породасындагы эчки кызыктырды. Ошондой эле Ала-Бука районундагы дыйкан биогумус аркылуу бакчасында өстүргөн ашкабак көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Ашкабактын салмагы 19 кг 63 граммды түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE