Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарындагы арыктар 15 жылдан кийин кайрадан сууга толду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында 15-20 жылдан бери суу келе элек арыктар сууга толду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Тактап айтканда, Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен 3 скважина калыбына келтирилип, калаада ирригация тармагы жөнгө салынып, бак-дарактарды суугаруу иши да колго алынды.

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Айбек Жолдошовдун айтымында, «Токтогул», «Жеңиш» сейил бактарында жана Балтагулов көчөсүнө техникалык суу чыгаруучу скважина курулуп, пайдаланууга берилди. Алар аркылуу жогорудагы сейил бактарды, Токтогул аллеясындагы, Ленин, Кыргыз Республикасы, Шопоков, Б.Осмонов көчөлөрүндөгү бак-дарактар, гүлдөр арыктар аркылуу сугарыла баштады.

Алдыда республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сом акча каражатынын эсебинен дагы кошумча скважина куруу пландалып жатат.

Шаар тургундардын айтымында, арыктарга дээрлик бир топ жылдан бери суу келбей калган. Эми аптаптуу ысыкта арыктагы суу бир аз болсо да сергитип жатат.

Ушул мезгилге чейин шаардагы дээрлик бардык бак-дарактар жана гүлдөр ичүүчү суу менен атайын унаалардын жана суу түтүктөрдүн жардамында сугарылып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE