Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарында Россиянын каржылоосу менен мектеп курулат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында Россиянын өкмөтүнүн каржылоосу менен мектеп курулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалым болгондой, жумушчу сапар менен Россиянын Билим берүү министрлигинин өкүлү Олег Чижаковский, М.Акмулла атындагы Башкортостан мамлекеттик педагогикалык университетинин аналитикалык кабинетинин директору Радик Юлбаев менен Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Элдос Таев жана Гулбарчын Таштанбекова жолугуп, мектеп салынуучу жай менен жеринде таанышып чыгышты. Мектеп салуу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан Спутник кичи районунан 3 гектар жер тилкеси бөлүп берилген. Мектеп эл аралык стандарттарга ылайык салынып, окутуу ыкмасы да заманбап талаптарга төп келмекчи. Жаңы мектеп Россия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен салынат. Мектепте окутуу орус тилинде болот. Эгер зарылчылык болсо кыргыз тилдүү класстар ачылат. Аталган мектеп 1200 орундуу болот.

Билим берүү тармагындагы кызматташтык келишимине президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары учурунда кол коюлган. Ага ылайык Кыргызстанга жалпы 9 жаңы мектеп куруу макулдашылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE