Пример HTML-страницы

Ысымдары мөмө-жемиштен коюлган эже-сиңди — Өрүк менен Мейиз

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Аламүдүн районундагы Маевка айылынын 49 жаштагы тургуну Өрүк Жумакадырованын ысымын эжесинин атына уйкаштырып коюшкан. Өзгөчө ысымдуу каарманыбыз менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен 1973-жылы Кочкор районуна караштуу Жаӊы-Жол айылында төрөлгөм. Ата-энем кезинде чабан болушкан. Ал эми менин ысымымды чоӊ атам эжемдин атына уйкаштырып койгон экен. Анын үстүнө күз айында төрөлгөм. Эжемдин аты Мейиз.

Жолдошум Акылбек Токтомамбетов Ат-Башы районунан болот. 5 кыз жана 1 уулубуз бар. Улуу кызым турмушка чыккан, калган эки кызым чет жерде эмгектенет. Төртүнчү кызым Бишкек шаарында 9-классты бүттү. Уулум 7-класста билим алса, кичүү кызым 7 жашта. Өзүбүздүн жер тилкебиз, үйүбүз жок. Кочкор районундагы Жаӊы-Жол айыл өкмөтүндө каттоодо турабыз. Быйыл президенттин жарлыгынын негизинде жер тилкелери трансформацияга берилди деп жатышат. Ошондон берилип калабы деп үмүт кылып жатабыз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE