Пример HTML-страницы

Ысык-Көлгө келин болгон Турсунай айымдын кызыктары

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Чолпон айылынын 42 жаштагы тургуну Турсунай Султоналыева. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Өзбекстандын карамагындагы Наманган облусунун Чартак районуна караштуу Торук айылында туулгам. Ал жакта менин балалыгым өттү. Атам мектепте мугалим иштейт эле. Мен мектепке барган жылы кыргыз класс ачылып калды. Ошентип, мен кыргыз тилдүү класста билим алдым. Бирок өзбек тилин да жакшы билчүбүз.1998-2003-жылдары азыркы Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде билим алдым. Анан 8 жыл Аксы районуна караштуу Торук айылынын А.Сулайманкулов атындагы орто мектебинде мугалим болуп иштедим. Кийинчерээк ата-энем Аксынын Кош-Дөбө айылына көчүп келишти», — дейт ал.

Турсунай айым Аксыдан Ак-Сууга кантип келин болуп калгандыгын айтып өттү.

«Мен турмуш шартка байланыштуу Россияда жана борбор калаабыз Бишкекте иштеп калдым. Жолдошум экөөбүз Бишкектен таанышканбыз. Ал мени бир көрүп эле жактырып калды. 15 күн жанынан чыгарбай, «турмуш куралы, мага жубай болчу» деп айтып жатты. Ошентип, көлгө ээрчишип келдик. Азыр 4 балалуу болдук. Үй-бүлөдө кичүү келинмин, улгайып калган кайнатам бар. Аны менен чогуу турабыз. Карыянын батасын алыш үчүн аракет кылам», — дейт ал.

Турсунай түштүктүн кызы болгондуктан кайын журту аны алгачкы жылдары «оштук жеңе» деп аташса, учурда анын лакап аты брендге айланууда.

«Биз жаңы үйлөнгөндө “аялды кайдан алыптыр?” деп сурагандар көп болду. Анан жообуна “оштук экен” дешсе, таң калар элем. Мен алардын сөзүн оңдоп, “жок, мен Жалал-Абад жергесинен болом” дечүмүн. Бирок антип айтсаң деле, баары “оштук экен” деп коюшчу. Бул жакта мамлекеттин түштүк тарабын жалпак тил менен Ош деп эле коюшат экен (күлүп). Төркүнүм алыс болсо да, бул жактагы жердештерим менен эже-сиңди болуп катышам», — деди ал.

Турсунай декреттик өргүүдө чакан ишкерлик баштаганын да айтып өттү.

«Биз балдарыбызга жөлөк пул алып келгенбиз. 2022-жылы социалдык долбоор жазып, уй алдык. Анын сүтүнөн айран уютуп сатып, кошумча киреше таап жатабыз. Муну менен катар көпчүлүк айымдар өңдүү кышка камылга көрүп, кыям, салат жана ширелерди даярдайм. Күндөрдүн биринде бир эжеге кайнаткан кыямымды, салатымды алып барып бердим. Ал мен даярдаган кыям, салатты жеген соң, ал «апама да алайын деп жүрдүм эле, сатчы» деп калды. Анан даярдаган кыям, салатымды ага саттым. Ал эже мага: “Сен табигый, таза, үй шартында жасап жатасың. Сатып, оокат кыл» деп кеңешин берип калды. Алгачкы жылдары үй-бүлөбүздөн ашканын сатсам, кийинки жылы абдан көп жасадым. Адамдар бири-биринен угуп эле келе беришет. Учурда «Оштук жеңенин кыямы, салаты» деп айтып калышты. Мен саткандан сырткары Кудайдын ыраазычылыгы үчүн Орозо айында ооз ачарга да бекер берип жүрөм. Ар дайым кардар болгондорго да белек катары бекер берем. Ошол эле учурда “кыям, салат жаап берчи” деп, жашылча-жемиштерин алып келишет. Жапкан акыма жарымын алып калсам, калганын алып кетишет. Келечекте бул ишимди кеңейтүүнү каалап, кыска мөөнөттөгү окуулардан да окуп жатам. Максатым үйдө отурган аялдарды иш менен камсыз кылып, табигый таза продукция өндүрүү», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Учурда каарманыбыз 4 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE