Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө өлкөнүн бардык аймактарынан жана Казакстандан келген жаш ойлоп табуучулар топтолду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 27-апрель күнү Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан «Кыргыз деңизи» (Кыргызское взморье) санаторийинде «Биз — 21-кылымдын интелектуалдарыбыз» аталышындагы эл аралык жаш ойлоп табуучулар арасында кароо-сынак башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган иш-чара 25 жылдан бери үзгүлтүксүз өтүп келүүдө. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан жана коңшу Казакстандан катышуучулар келишкен. Ал эми россиялык окуучулар сынакка онлайн форматта катышып жатышат.

Сынактын жүрүшүндө ар бир катышуучу өздөрүнүн жасаган эмгектерин калыстардын сынына коюшту. Жалпысынан жети секция иш алып барып, эмгектердин көпчүлүгү техникага жана технологияга байланышкан.

Ойлоп табуу — өнөр жай менчигинин объектиси. Ойлоп табуу катары сунуш кылынган эмгек жаңы ойлоп табуучулук деңгээлде болсо жана өндүрүштүк негизде пайдаланууга мүмкүндүк берсе, ага укукту коргоо укугу берилет. Эгер ал мурдагы техника деңгээли боюнча белгисиз болсо, жаңы ойлоп табуу катары кабыл алынат. Ошол кездеги техника деңгээлине туура келбесе, ал ойлоп табуучулук деңгээлге ээ болот.

Дүйнөдө белгилүү болгон бардык маалыматтар ойлоп табуу артыкчылыгы белгиленгенге чейин техника деңгээлине кирет. Ойлоп табуу деңгээли жаштарда көбүрөөк өнүккөн. Анткени алардын көз карашы жашоодо жалаң гана жакшы кубулуштарга бурулгандыктан аларда ойлоп табуучулук жөндөм чоңдорго караганда көбүрөөк өнүккөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE