Пример HTML-страницы

Ысык-Көл медициналык-стоматологиялык колледжи элдин ден соолугуна кам көргүсү келген ар бир абитуриентке эшигин ачат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл медициналык-стоматологиялык колледжи 2023-2024-окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт.

Окууга кабыл алуу 11-класстын базасы менен төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:

— «Дарылоо иши» (фельдшер) адистиги боюнча — 3 жыл 6 ай окутулат;

— «Фармация» адистиги боюнча — 2 жыл 10 ай окутулат;

— «Ортопедиялык стоматология» адистиги боюнча — 2 жыл 10 ай окутулат;

— «Медайым иши» адистиги боюнча — 2 жыл 10 ай окутулат.

Окууга тапшыруу үчүн төмөнкү документтер керек:

1. Абитуриенттин арызы;

2. 3х4 өлчөмүндөгү 8 даана түстүү сүрөт;

3. 086У формасындагы медициналык маалымкат;

4. Арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү;

5. 11-классты бүткөндүгү тууралуу күбөлүк же аттестат (түп нускасы);

6. Аскерге милдеттүүлөр — аскер билети же катталуу күбөлүгү;

7. Ичине кагаз тигилүүчү папка (скоросшиватель).

Окууга кабыл алууда жалпы республикалык тест каралбайт. Окуу жайдан ички тест алынат.

«Фармация» жана «Ортопедиялык стоматология» адистигине — химия, кыргыз тили (орус тили) сабактарынан экзамен алынат;

«Даарылоо иши» адистигине — биология, кыргыз тили (орус тили) сабактарынан экзамен алынат.

Ысык-Көл медициналык-стоматологиялык колледжинин дипломдору мамлекеттик үлгүдө берилип, бүткүл дүйнө жүзү боюнча жарактуу.

«Биздин колледжде тажрыйбалуу окутуучулар сабак берет. Студенттер үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Заманбап үлгүдөгү жабдыктар менен атайын практикалык иштер айкалыштырылып, сабактар өтүлөт. Биздеги окутулган бардык кесиптер боюнча аккредитациялоодон жана институттук аккредитациядан өткөнбүз. Биздин дипломдор менен башка өлкөлөрдө да ишке орношо алышат. Учурда медайым кесибинин ээлерин ишке орноштуруу боюнча Германия өлкөсү менен келишимдер бар.

Студенттик кез — жашоодогу эң маанилүү жана кызыктуу учур болгондуктан студенттер арасында ар кандай сынактарды уюштуруп, коомдук иштерге тартып, кызыктуу билим алууга күчүбүздү жумшап келебиз. Бизден билим алган студенттер учурда калктын саламаттыгын сактоодо өлкөнүн булуң-бурчунда кызмат көрсөтүп жатышат. Элдин ден соолугуна кам көрүүнү кесип кылам деген ар бир абитуриент үчүн эшигибиз ачык», — дейт окуу жайдын директору Орумбек Мадамбеков.

Дареги: Каракол шаары, Московская көчөсү, 131 (Токтогул көчөсү менен кесилишинде).

Байланыш номурлары: 0707500388, 0706498043, 0700205353.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE