Пример HTML-страницы

Turmush: Түндө Чүйдөгү айылда каза болгон адамдар: Чоң жолдогу ажал (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 1-май күнү Жайыл районунун Петропаловка айылында унаа кырсыктан 2 адам мерт кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Маалым болгондой, аларды жүк ташуучу унаа уруп кеткен. Алар бир тууган эже ини болгону айтылып жатат.

Ал эми Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы кырсык кечээ саат 20:55 чамасында Бишкек–Ош жолунун 56-чакырымында болгонун билдирди.

«1981-жылы туулган Г.Г. аттуу айдоочу «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасы батыштан чыгышты көздөй бара жатып, жолдон туура эмес жерден өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. Айдоочу аларды караңгыда көрбөй калган. Натыйжада 1965-жылы туулган С.С аттуу эркек киши ошол жерден каза болсо, 1954-жылы туулган В.В. аттуу аял Жайыл районунун аймактык ооруканасында каза болуп калган. Унаа убактылуу токточу жайга киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Айдоочу убактылуу камакка алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE