Пример HTML-страницы

Turmush: Баалар 2000 миң сомго чейин кымбаттады: Каракол шаарындагы малдын баасы

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 1-май күнү Каракол шаарында ар жекшембиде өтүүчү мал базарда малдын баалары өткөн базарга салыштырмалуу 1000-2000 миң сомго кымбат болду. Аймактык кабарчы Айт майрамдын алдындагы базар баасын билип көрдү.

Сатычууларлын айтымында, бүгүн көбүнчө койго суроо-талап жогору болууда.

Каракол шаарынын тургуну Аман Келдибековдун айтымында, ал майрамга союуга 14 миң сомго козу алды.

«Негизи бүгүн койлор бир аз кымбат экен. Бирок жалаң сойгонго ылайыктуу, семиз малдар. Мисалы мен 2 жаш козуну 14 миң сомго алдым», — деди ал.

Базардын жетекчилиги бүгүн базарга малдын келиши азыраак болгонун билдирди. Жалпы 200 жакын кой келди.

Орточо баалар:

— Козулар – 7000- 9000 сом;

— Токтулар – 10000-14000 сом;

— Койлор – 14000-25000 сом.

Уйлардн 100-200 баш келди. Жаш торпоктор 15 миң сомдон өйдө, чоң уйлар, букалар 120 миң сомго чейин сатылып жатат. Букалардын орточо баасы 80-100 миң сом.

Жылкы баласынан 150 башка жакын киргизилди. Кулундар 20 миң сомдон өйдө, чоң жылкылар 80 миң сомдон 130 миң чейин сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE