Пример HTML-страницы

Токмок шаарына жакын аймакта «Тойота» талкаланып, эки адам жан берди. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 29-мартта Токмок шаарына жакын жерде жол кырсыктын кесепетинен эки киши көз жумду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2024-жылдын 29-мартында болжол менен саат 13:10 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт айланма унаа жолунун 54,800-чакырымында «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү унаа күн батыштан күн чыгышты көздөй бара жатып, жолдун оң жагында токтоп турган «DAF FT XF105.460» оор жүк ташуучу унааны сүзгөн.

Жол кырсыктын кесепетинен «Тойота Ипсум» унаасынын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү көз жумган.

Азыркы учурда жол кырсыгы болгон жерде Ысык-Ата РИИБ жана ЖКККБнын кызматкерлери тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE