Пример HTML-страницы

Тоңдо шайыр жеңелер концерт тартуулады

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 21-майда Тоң районунун Тоң айылында «Тоӊ бермети» шайыр жеӊелер тобунун бет ачар концерти болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Шайыр жеңелер тобу президенттин «Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык маданиятты өнүктүрүү, улуттук баалуулуктарды сактоо максатында уюштурулган.

Иш-чара Тоӊ айыл өкмөтүнүн колдоосунда жергиликтүү аялдар кеӊешинин демилгеси менен өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө Тоӊ айыл өкмөтү жана аялдар кеңеши тарабынан аймактагы кадырлуу энелерге, колунан көөрү төгүлгөн уз, ишкер, активист айымдарга бир нече номинациялар менен сыйлыктар тапшырылды. Мындай иш-чараларды райондун бардык айыл өкмөттөрүндө өткөрүү белгиленген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE