Пример HTML-страницы

Таш-Көмүр шаардык кеңешине 3 партия ат салышууда. Шайлоо кандай жүрүп жатат?

Акыркы жанылыктар

Turmush24 миңден ашык шайлоочусу бар Таш-Көмүр шаардык кеңешине шайлоо жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, жергиликтүү кеңешке 3 партия ат салышууда.

Калаадагы №2261 Чыныбаев шайлоо участкасында саат 11:00гө карата 170 шайлоочу добуш берген. Аталган шайлоо участкасынын төрайымы Кален Боронбаева участкада тизме боюнча 2478 шайлоочу бар экендигин айтты.

«Эртең менен саат 08:00дө шайлоону баштаганбыз. Ушул кезге чейин автоматташтырылган башкаруу системасы (АСУ) же сервер иштебей калган учур болгон жок. Таш-Көмүр РЭС жана аймактык ооруканадан бөлүнгөн кызматкерлер өз ишин так аткарып жатышат. Калаадагы чоң шайлоо участкаларынын бирибиз. Себеби бизде 2478 шайлоочу катталган. Эртең менен шайлоого болгон катыш начар болуп жаткан. Саат 10:00дөн кийин катыш жакшы болду. Саат 11:00гө карата 170 жаран добуш берди. Кечээ күнү шайлоо участкасынан сырткары 3 шайлоочу көчмө урна менен добуш берген. Ушул кезге чейин мыйзам бузуучулук катталган жок», — деди К.Боронбаева.

Мындан сырткары ал ушул кезге чейин 3 шайлоочунун шайлоо участкалары калаадагы башка шайлоо участкаларынан чыкканын кошумчалады.

БШКнын Аксы району жана Таш-Көмүр шаары боюнча өкүлү Казыбек Шадыбеков калаадагы шайлоо участкаларын кыдырып жүргөнүн айтты. Ушул кезге чейин техникалык мүчүлүштүк же мыйзам бузуучулук катталбаганын маалымдады.

Таш-Көмүр шаарында жалпы 11 шайлоо участкасы бар. Алардан калаадагы 24 миңден ашык шайлоочу добуш бере алат.

Таш-Көмүр шаардык кеңешине 3 партия — «Ынтымак», «Ата-Журт Кыргызстан» жана «Жаштар» партиялары 31 мандатка ат салышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE