Пример HTML-страницы

Таластык машыктыруучу М.Илебаев 30 жылдан бери жаштарга футболдун эрежелерин үйрөтүп келе жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарынын 52 жаштагы тургуну Мирлан Илебаев 30 жылдан бери футбол боюнча машыктыруучу болуп эмгектенип келет.

Каарманыбыз Талас мамлекеттик университетинин дене тарбия факультетин, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын педагогикалык бөлүмүн аяктаган.

«Кичинекей кезимде эле футболго кызыкчумун. Армияга барып келгенден кийин Талас шаарындагы «Манас» командасында ойноп жүрдүм. Ошол учурда балдар спорт мектебинде машыктыруучу болуп иштөөгө чакырышты. Ошентип 1993-жылы футбол боюнча машыктыруучу болуп жумушка киргем. Азыркы учурда да машыктыруучу болуп эмгектенип келем. Ал ортодо Футбол федерациясынын техникалык директору, Талас облусунун башкы машыктыруучусу болдум. Азыркы учурда футбол боюнча жаш балдардын машыктыруучусу болуп эмгектенип келем. 2009-2010-жылдары төрөлгөн балдарды машыктырып жатам. Ар бир тайпада 18-20 бала бар. Ушул жылдан баштап 2015-жылкы балдарды машыктырып баштайм деген пландарым бар. Ошолорду кошсок, болжол менен 60 баланы машыктырып калам», — деди ал.

Каарманыбыз Кыргызстанда футболго болгон мамиле өзгөрүлгөнүн айтты.

«Мен жаңы жумушка кирген учурда союз жаңы тарап, Кыргызстан өзүнчө мамлекет болуп түптөлүп жаткан учур эле. Сом жаңы пайда болгон, 60-70 сом айлык маяна алчумун. Ошол учурда бул акча жашоого жетчү. Азыркы кездеги жашоо менен ал учур асман менен жердей болчу. Анда стадион бар, бирок көп инвентарлар жетишсиз эле. Мага ошол учурда 2 топ беришти. Анын бирөөсү жаңы, экинчиси оңдоп-түзөөдөн өткөн экен. Ошондо 45-50 баланы машыктырчумун. 1998-2000-жылдары кичине өзгөрүүлөр кирди. Спорт мектептен, Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан керектүү топтор, формаларды алып беришти. Азыркы учурда биздин өлкөбүздүн футбол командасы премьер-лигада ойноп, деңгээли өстү. Жаш балдардын стипендиялары, формалары, даярдануулары күчөдү. Кыздар футболу да азыркы учурда жакшы бир нукка келип калды. Азыр 14-15 жаштан баштап курама командалар түзүлүп калды. Футбол күйөрмандары да көбөйдү. Чет өлкөлөргө чыгып, жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келе жатышат», — деди ал.

Машыктыруучу жаштарды тамашага кантип салганын унутпайт.

«Машыктыруучу болуп иштөөдө биринчи өзүңдүн жумушуңду сүйүп иштеш керек. Көп эле балдар машыктыруучу болуп жүрүп, кийин кесибин алмаштырып кетишет. Балдар менен иштөө, балдарды тарбиялоо керек. Алар бат эле кабыл алып, үйрөнүп алышат. Биз аларга жакшы, туура жолду көрсөтүп турушубуз керек. Кээ бир балдар ата-энесин укпай, бирок агайларын угушат. Анткени, биз алар менен кечке алектенип, алардын жанында жүрүп жатабыз. Бир жакка оюндарга кетсек, 4-5 күн чогуу жүрүп калабыз. Ал учурда тамашалашып, ойноп калабыз. Кээде бизди «пранк» (тамашалоо) кылып калышат.

Бир жолу ошондой оюндарга бардык. Жанымдагы жардамчы машыктыруучу жаңы спорттук кийим сатып алды. Экөөбүз формасын карап жатсак, бизди 2 бала көрүштү. Анан тамашалап коелу деп: «Балдарга жаңы форма алдык, азыр эле бере берелиби?» деп күлүп койдук. Бул сөздү уккан эки бала сыртка чуркап кетишти. Бир аз убакыттан кийин эле бөлмөбүздүн алдына бардык командабыз келип калыптыр. «Агай, жаңы форма келиптир. Ошону бул жерден эле тапшыра бериңиздерчи» дешти. Машыктыруучунун жаңы формасын көрсөткөндө баары аябай күлүштү», — деди ал.

Мирлан Илебаев «Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги» наамынын, Азия футбол конфедерациясынын А лицензиясынын ээси. Мунун менен ал улуттук курама команданы машыктыра алат.

Жубайы Назира Керимбекова менен 25 жылдан бери түтүн булатып келет. 2 кыз жана 2 уулдун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE