Пример HTML-страницы

Таласта милициянын жана оруктун ардагери Кудайберген Чороевди куттукташты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 10-майда Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги ОИИБдин ардагери Кудайберген Чороевден кабар алды.

Талас ОИИБдин башчысы Азамат Токтоналиев, орун басары Жаныбек Осмонбеков жана Талас РИИБдин башчысы Майрамбек Калманбетов Кудайберген Чороев менен жолугуп, аны Жеңиш күнү менен куттукташты. Ардагер облустагы эң улуу милициянын ардагери, учурда 95 жашта. Ал Улуу Ата Мекендик согуш учурунда тылда эмгектенген. Азамат Токтоналиев ардагерге атайын даярдаган белектерди тапшырды.

Кудайберген Чороев ОИИБдин жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE