Пример HTML-страницы

Таласта дөңдөн ылдый жылгаяк тээп келе жаткандар кырсыктап, 1 кыз каза болду

Акыркы жанылыктар

Turmush21-январь күнү Бакай-Ата районунун Көк-Таш айылында жылгаяк тээп жаткан 3 адам кырсыкка кабылып, кыз каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына күбөлөр кабарлады.

Маалым болгондой, алар айылдагы дөңдөн (эл чогулуп, жылгаяк тепкен жай) муз тээп жатып, четте турган жеңил унаага урунушкан. Экөө жаракат алып, үчүнчүсү ооруканага жетпей каза болгон.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул факты боюнча кийинчерээк толук маалымат берилерин билдиришкен.

Милициянын берген маалыматка караганда, 21-январь күнү 1999-жылы туулган Б. кызы А. Бакай-Ата районунун Көк-Таш айылында баллон менен жылгаяк тээп келе жатып «Фольксваген Венто» үлгүсүндөгү унааны сүзүп ооруканага жеткирилген. Ооруканага жансыз денеси түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE