Пример HTML-страницы

Түптөгү какыраган жер чычырканак талаасына айланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Михайловка айылында 25 гектар жерге европалык чычырканактын көчөттөрү отургузулду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, мурда эч нерсе өспөгөн, асылдуулугу төмөн талаага молдовалык инвесторлор кызыгып, демилге көтөрүп ишке ашууда. Ар бир гектар жерге болжол менен 10 миң АКШ доллары сарпталган. Питомникте тамчылатып сугаруу системасын колдонулат.

Облус жетекчиси менен болгон баарлашууда инвесторлор дагы 25 гектарга чычырканак эгүүнү пландап жатканын айтышты.

Облус жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров бул долбоорду ишке ашыруу райондун экономикасын гана эмес, аймактын экологиясын да жакшыртат деп баса белгиледи.

«Экологияны оңдоп, ишкерлик кылуу — бул адал нерсе. Какыраган талааны түшүмдүү жана кирешелүү жерге айландыруу — мыкты жетишкендик», — деп белгиледи облус башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE