Пример HTML-страницы

Түн ичинде кара-суулук тургунду коркутуп, тоноп кетишкен. Шектүү жигит 2 айга камалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунда тоноочулукка шектелген жаран 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүүнүн баш коргоо чарасы 28-октябрда Кара-Суу райондук сотунда каралды.

Буга чейин маалымдалгандай, 2022-жылы 23-октябрга караган түнү саат 02:00 чамасында белгисиз адамдар жабырлануучу — Кара-Суу районунун 52 жаштагы тургуну А.Т.нын үйүнө кирип, коркутуп, уруп, бөлмөсүнөн 47 000 сом акчасын алып, окуя болгон жерден качып кеткендиги боюнча арыз келип түшкөн.

26-октябрда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында шектүүнүн өзүдүгү аныкталган. Шектүү — Ноокат районунун 29 жаштагы тургуну Ж.уулу Д. Ош шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Аталган факты Кара-Суу РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE