Пример HTML-страницы

Суурдун ийинине катып… Ысык-көлдүк тургун Сырт өрөөнүнө баратканда капка оролгон «табылга» тапкан

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районундагы тургун ок атуучу куралды мыйзамсыз сактагыны үчүн айыпка жыгылды. Ал сот отурумунда кылмыш ишке себеп болгон окуя тууралуу айтып берди.

  • Айыпталуучу Эрмек (аты өзгөртүлдү, Э.у.Ж.) 1991-жылы Тоң районуна караштуу Көк-Сай айылында туулган, үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы, орто билимдүү. Эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгү (ок атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды жака анын ок-дарыларын кошпогондо), ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча айып тагылып, баш коргоо чарасы катары башка жакка кетпөө жөнүндө тил кат түрү тандалып алынган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Эрмек 2019-жылдын август айында Тоң районунун Сырт өрөөнүнө бара жатып жолдон чоң таштын астынан чүпөрөк капка оролгон ок атуучу курал таап алган. Ал куралды ордуна таштап, Сырт өрөөнүндө бир апта жүрүп, кайра келе жатып ок атуучу куралды жанына алып, Ак-Таш жайлоосундагы суурдун ийинине катып коюп, кетип калган. Арадан убакыт өтүп, 2019-жылы ноябрь айында Россия Федерациясына иштегени кетип, 2022-жылы кайра Кыргызстанга келген.

2023-жылдын январь айында Ысык-Көл облусунун мергенчилик жана балык чарбачылык коомуна коомдук инспектор болуп дайындалып, 2023-жылдын 4-январь күнү өзү жалгыз рейд кылуу максатында Ак-Таш жайлоосундагы суурдун ийинине 2019-жылы катып кеткен ок атуучу куралын таап, ал куралды Тоң районуна караштуу Көк-Сай айылы менен Жер-Үй айылынын ортосундагы каналдын жээгине катып коюп, кийин ошол эле жылдын 6-январь күнү куралды алып чыгып, ичинде 15 даана ок-дарысы болгондуктан ээн талаадан атып көрүп, кайра катып кеткен. 24-январь күнү ага айылдашы ок атуучу курал таап берүүнү суранган. 26-январда Эрмек менен телефон аркылуу байланышкан эки жаран келип, ок атуучу куралды сатып алууну көздөшкөн. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнө белгисиз жаран ок атуучу куралды сатууга кардар издеп жүргөнү тууралуу билдирүү түшкөн.

Сот отурумунда Эрмек көрсөтмө берди. Анын айтымында, 2019-жылдын август айында малдары ооругандыгына байланыштуу Сырт өрөөнүнө дары жеткиргени бара жатканда жолдон чоң таштын алдынан чүпөрөккө оролгон ок атуучу курал таап алган. Куралды ошол жерге эле кайра катып, Сырт өрөөнүнөн кайтып келе жатканда ок атуучу куралга кызыгып, аны Ак-Таш жайлоосунда суурдун ийинине катып, келинчеги менен Москва шаарына иштегени кетип, кайра Кыргызстанга 2022-жылы келишкен.

2023-жылдын 4-январында Ысык-Көл облусунун мергенчилик жана балык чарбачылык коомунун коомдук инспектору болуп иштеп баштап, Ак-Таш жайлоосунан катып кеткен ок атуучу куралды алып келип, Көк-Сай айылы менен Жер-Үй айылынын ортосуна катып койгон. 6-январда эч кимге көрүнбөй, ок атуучу куралды ачып караганда ичинде 15 даана ок-дарысы менен экендигин көрүп, кызыгып, атып көргөн. 6 даана окту атып, кайра 9 ок-дарысы менен куралды катып койгон. 23-январь күнү ага айыл башчысы телефон чалып, бир жаран ок атуучу курал сатып алам деп жаткандыгын билип, ал менен соодалаша баштаган. Ал сатып алам деп жаткан жаран милиция кызматкери экендигин, ок атуучу куралды сактоо, алып жүрүү жана сатуу мыйзамсыз экендигин билерин көрсөтүп, күнөөсүн мойнуна алды.

Сотто күбө катары суралган милиция кызматкери Тоң РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери экендигин, 26-январда РИИБдин башчысынын милдетин аткаруучусунун тапшырмасынын негизинде аталган кылмыштын бетин ачышкандыгын көрсөттү.

Жыйынтыгында Тоң райондук сотунун 2023-жылдын 25-апрелиндеги өкүмү менен айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (100 миң сом) айып салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE