Пример HTML-страницы

Сокулукта мөмө-жемиштердин көчөттөрү 150 сомго чейин кымбаттады

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районунда мөмө-жемиштердин көчөттөрү кымбаттады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Соодагерлердин айтымында, мөмө-жемиштердин баасы былтыркы жылга салыштырмалуу 50 сомдон 150 сомго чейин көтөрүлдү.

«Быйыл айдоо жердин акысы да, күйүүчү май да кымбаттады. Былтыр жалданып иштегендер талаа жумуштарына күнүнө 700-800 сомго чыгышса, быйыл 1400 сомго иштеп жатышат», — дешет сатуучулар.

— Алманын көчөтү — 200 сом;

— Алчанын көчөтү — 250 сом;

— Карагаттын көчөтү — 200 сом;

— Курманын көчөтү — 350 сом (былтыркы баасы 200 сом);

— Шабдалынын көчөтү — 200 сом (былтыркы баасы 150 сом);

— Анардын көчөтү — 350 сом (былтыркы баасы 200 сом);

— Анжир көчөтү — 350-400 сом (былтыркы баасы 200 сом);

Экзотика көчөттөрү (бир жылда 20 мм бийиктеп, туурасынан 5 мм өсөт) 2000 сомдон 2500 сомго чейин.

— Балатынын көчөтү — 4 миң сом;

— Төрт жылдык алоэ гүлү — 4 миӊ сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE