Пример HTML-страницы

Сандарды оозеки көбөйтүп, социалдык тармактардын жылдызына айланган Бексултан. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылынын 19 жаштагы тургуну Айбек уулу Бексултан сандарды калькуляторсуз оозеки түрдө көбөйтүп, социалдык колдонуучулардын көңүлүн бурууда.

Бексултан 2004-жылы 31-майда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Теңдик айылында туулган. Ал ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектебинде билим алган. Дарыгерлер ага эпилепсия диагнозун коюшкан.

«Ооруганын 7 жашында билдик. Дарыгерлер жазган дарыларды ичип жатты. Бирок, ал жакшы жардам бере алган жок. Башынын оӊ жагында кан уюп калган экен. Ага операцияны Түркиядан жасатуу керек. Ага 25 миӊ доллар керектелүүдө. Мурда батирлерде жашаганбыз. Азыр ипотекага үй алып, айына 13 миӊ сом төлөйбүз. Жолдошум экөөбүз теӊ «Тазалык» ишканасында эмгектенебиз.

Балам математиканы жакшы окучу. Бардык жактан шыгы, таланты бар. Бир гана оорусунан артка тартылып жатат. Келечекте ырчы болом дейт. Жакшы ырдайт», — деди апасы Айткан Чолпонбекова.

Бексултан үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE