Пример HTML-страницы

Садыр Жапаров алардын ачылыш аземдерине катышууда

Акыркы жанылыктар

TurmushПрезидент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда Баткен облусуна 2 күндүк жумушчу сапары менен келди.

Маалым болгондой, президент анын алкагында чек ара жаңжалында талкаланган Ак-Сай жана Капчыгай айылдарындагы үйлөрдүн калыбына келтирилгенден кийинки абалын көрүп чыкты. 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуяда Ак-Сай айыл өкмөтүндө жалпысынан 183 үй жабыркаганы маалымдалган Бүгүнкү күндө бардык объектилер тийиштүү инфраструктура менен камсыздалды. Тагыраагы таза суу, көчөлөрдү жарыктандыруу жана жолдорго асфальт төшөө жумуштары аткарылган.

Президент айылдагы жашоочулардын ал абалы менен таанышып чыкты. Учурда Баткен облусу боюнча чек ара окуясында жабыркаган 417 үй толугу менен бүткөн. Ага 1млд 374 млн сом каражат жумшалган.

Өлкө башчысы буга катар эле Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылындагы Б.Ходжаев атындагы орто мектебинин ачылуу аземине катышты. 275 орундуу Б.Ходжаев атындагы орто мектептин курулушу 2023-жылдын март айында «Илек Строй Групп» ЖЧКсы тарабынан башталган. Долбоордук сметалык баасы 107 млн 243 миң 580 сомду түздү.

Президент мындан сырткары Баткен облусундагы 15 социалдык объекти онлайн түрүндө ачты. Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылындагы 75 орундуу оорукананын ачылуу аземине катышты. Аталган дарыгерлер борборуна президенттин фондунан 97,5 млн сом бөлүнгөн. Курулуш, монтаждоо иштерине турак жай жарандык курулуш департаменти тарабынан конкурстук процедуралар өткөрүлүп, натыйжасында «ПГС ВЭК» ЖЧКсы конкурстун жеңүүчүсү деп табылып, 2022-жылдын 18-июлунда эки тараптуу келишим түзүлгөн. Конкурстук баасы бардык чыгымдары менен 100 млн 56 миң сомду түзөт. Курулуш башталгандан бери бардыгы болуп 93 млн 345 миң 344 сом каржыланган.

Президенттин оорукананын ачылышына келген учуру

2022-жылдын 14-сентябрында жана 16-17-сентябрында Баткен районунун кыргыз-тажик чек аралаш аймактарында орун алган куралдуу кагылышуу учурунда курулуп жаткан оорукананын имаратына коңшулаш тажик аскерлеринин кол салуусу учурунда жарылуучу зат (снаряд) түшкөн. Бирок орчундуу зыян келтирилген эмес. Ошол себептен аталган объектинин курулушу бир азга кечиктирилген.

​Аткарылган курулуш-монтаждоо иштердин көлөмү 90 млн 810 миң 147 сомду түзөт. Бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан сметалык документацияда каралган бардык жумуштар аткарылып бүткөрүлгөн. Учурда объектини тапшырууга керектелүүчү иш кагаздарды даярдоо иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE