Turmush — Ош облусунун Кара-Суу районунда административдик-аймактык реформанын жыйынтыгында 6 айыл аймак бириктирилип, 3 айыл айыл аймак болуп түзүлдү. Ал эми Сарай айыл аймагы Кара-Суу шаарына кошулуп, Төлөйкөн айыл аймагы Ош шаарынын карамагына өттү.
Кара-Суу районундагы административдик-аймактык реформа тууралуу бул шилтемеден окуңуз.
Кара-Суу району Ош облусундагы калк эң жыш жайгашкан район болуп саналат. Ал Кыргызстандагы калкы көп райондордун ичинен лидер. Акыркы эл каттоо боюнча, райондо 476 166 адам жашайт.
Учурда Кара-Суу районунда 10 айыл аймак жана райондук маанидеги бир шаар (Кара-Суу) бар.
Реформанын натыйжасында бир катар айыл өкмөттөрдүн башчылары алмашты:
— Сары-Колот айыл аймагы менен Отуз-Адыр айыл аймагы биригип, Отуз-Адыр айыл аймагы болуп кайра түзүлдү. Бул айыл өкмөттүн башчысы болуп Сансызбаев Бакирович Ильяз 27-февралда дайындалды. Ал буга чейин «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ош филиалынын башчысы болуп иштеген;
— Жаңы-Арык айыл аймагы менен Кызыл-Суу айыл аймагы биригип, Ынтымак айыл аймагы болуп аталды. Бул айыл аймактын башчысы болуп Раимов Нурбек Сайпидинович 27-февраль күнү дайындалды;
— Кашкар-Кыштак айыл аймагы менен Ак-Таш айыл аймагы биригип, Ала-Тоо айыл аймагы деп аталды. 27-февраль күнү Акматов Аскарбек Исматуллаевич айыл өкмөт башчы болуп дайындалды;
Ахматов Аскарбек Исматуллаевич 1987-жылы 27-мартта Ош облусунун Араван районунун Кичик-Алай айылында туулган.
Билими:
— 2005-2009-жылдары Ош мамлекеттик университетинде экономика багыты боюнча;
— 2018-2021-жылдары Ош технологиялык университетинде курулуш адистиги боюнча билим алган.
Эмгек жолу:
— 2008-жылдан 2012-жылга чейин — Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) Ош облустук өкүлчүлүгүндө адис;
— 2016-жылдын май айынан 2017-жылдын октябрь айына чейин — Кара-Суу райондук ооруларды алдын алуу жана санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда программист;
— 2016-жылдан 2021-жылга чейин — «ЕвроСтрой Монтаж» ЖЧКда директор;
— 2016-жылдан декабрь айынан 2021-жылдын декабрь айына чейин — Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагында жергиликтүү кеңештин депутаты;
— 2017-жылдан 2020-жылга чейин — Керме-Тоо айылдык кеңешинде бюджет комитетинин төрагасы;
— 2021-жылдын декабрь айынан бүгүнкү күнгө чейин — Араван районунун Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаты;
— 2022-жылдын 24- апрелинен бүгүнкү күнгө чейин — Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы.
— Нариман айыл аймагы Манас айыл аймагы болуп аталып, 27-февралда аталган айыл өкмөттүн мурунку башчысы Садыков Тынчтык Таштанович кайра айыл өкмөт башчы болуп дайындалды;
— Катта-Талдык айыл аймагы Баш-Булак болуп аталып, Эрмаматов Ислам Жолдошбаевич айыл өкмөт башчы болуп дайындалды. Ал эми мурунку айыл өкмөт башчысы Тентимишов Майрамбек Тентимишович Кара-Суу шаарынын мэри болуп дайындалды.
— Шарк айыл аймагы Датка айыл аймагы болуп өзгөрдү. Азырынча айыл өкмөт башчы дайындала элек.