Пример HTML-страницы

Россия жана Казакстандан оор кылмышка шектүү 2 жигитти алып келишти

Акыркы жанылыктар

TurmushОор кылмыштарга шектелип, издөөдө жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында оор кылмыштарга шектелип, издөөдө жүргөн жарандар кармалышты.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренесинин (опузалап талап кылуу) негизинде козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары 2015-жылдан бери издөөдө жүргөн Баткен облусунун 1983-жылы туулган Б.С. аттуу тургуну Россия Федерациясынан, ал эми Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары 2021-жылдан бери издөөдө жүргөн Ноокат районунун 1992-жылы туулган Н.Б.аттуу тургуну Казакстан Республикасынан кармалышып, өлкө аймагына жеткирилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE