Пример HTML-страницы

Панфилов районунда 8 айда 34 өрт кырсыгы катталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районунда 2023-жылдын 8 айында (январдан августка чейин) 34 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азисбек Ирсалиев билдирди.

Райондо 6 айыл аймагы жана Кайыңды шаары жайгашкан. Анда 48 миңден ашуун калк жашайт.

«Райондо өрт коопсуздугу боюнча ар бир аймакта түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, турак жай, коомдук тамактануучу жайдын ээлери жана башкалар менен жекече аңгемелешүү да жүргүзүлүп келет. Тилекке каршы үстүбүздөгү 2023-жылдын 8 айында 34 өрт кырсыгы катталды. Анда 2 489 150 сом чыгым болгон. Алардын ичинен 8и кургак чөптөн чыккан өрт. Мындай жагдай күндүн табы өтө жогорулап кеткендиги менен да түшүндүрүлөт. Ага мисал катары Кум-Арыктын тоосундагы кургак чөптөрдүн өрттөнгөнүн айтууга болот. Кыскасы, «тилсиз жоону» ар кандай шартта да алдын алууга болот. Биз эл арасында болуп, өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүп жатабыз. Жалын аралап, өрт өчүргөн куткаруучулардын эмгеги да жогору. Алардын күчү менен 34 өрт кырсыгынан элдин 16 770 000 сомдук мүлкү сакталып калган», — деди райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы майор Азисбек Ирсалиев.

Өткөн 2022-жылы райондо 8 айда 17 өрт кырсыгы катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE