Пример HTML-страницы

Өзгөндөгү борбордук стадион кейиштүү абалга кептелди. Калаа жетекчилиги 141 млн сомдук долбоор тууралуу айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн шаарындагы борбордук стадион кейиштүү абалга кептелди. Turmush басылмасынын кабарчысы сдаиондун абалын жеринен көрүп келди.

Стадион 1968-1970-жылдары курулган боюнча капиталдык ондоп-түзөөдөн өткөн эмес. Болжол менен 5 миң орунга ылайыкташкан. Стадиондун отургучтары талкаланып, футбол аянтча эч кандай талапка жооп бербейт. Тосмолору да эскирип, айрым жерлери урап, ар кайсы жерлери тешилип калган.

Өзгөн шаарынын мэри Залкар Каримов стадионду оңдоо менен бирге ага жакын жайгашкан Орто-Коргон сейил багы кошо реконструкциялана турганын билдирди.

«Стадион менен сейил бактын долбоорунун баасы 141 млн сомду түзөт. Азырынча тендерден жеңүүчүлөр аныктала элек. Келишим баа жеңүүчү аныкталганда аныкталат. 141 млн сомго стадион, стадиондун ичиндеги футболдук чоң аянтча оңдолуп, көрүүчүлөр отура турган отургучтар коюлуп, көрүүчүлөр отурган жерлердин үстү жабылып, стадиондун айланысы тосулат. Күрөш аянтчасы, кийим алмаштыруучу жай, эки командага эки башка жуунучу жай, административдик имарат, ажаткана курулат», — деди мэр.

Мэр кошумчалагандай, Өзгөн шаары тарыхий шаар болгондуктан, археологиялык баалуулуктарга зыян келтирбөө максатында курулуш иштери Мадиният, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте макулдашуу менен жүргүзүлөт.

«Парктын ичиндеги тротуар, оргума жана балдар эс ала турган жайлар жасалат. Бийиктен Шералы айылын көрүү үчүн панорама сыяктуу аянтчалар, ушулардын баары паркты калабына келтирүү жана стадионду реконструкциялоо иштеринде аткарылат. Бүгүнкү күндө курулуш жүрүп жаткан объектилерде Маданият министрлиги менен тыгыз иш алып барып жатабыз. Өзгөн шаары тарыхый шаар болгондуктан, курулуш учурунда археологиялык баалуулуктар чыгып калышы мүмкүн деп Маданият министрлиги менен биргеликте иш алып баруудабыз», — деди Залкар Каримов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE