Пример HTML-страницы

ОшТУда технология факультетинин бүтүрүүчүлөрү үчүн салтанаттуу азем уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинде технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин бүтүрүүчүлөрү үчүн бүтүрүү аземи өткөрүлдү.

Университетте 4 жыл бою билим алып, өздөрү тандаган кесиптин ээси болуп, чоң турмушка сапар алган жаштар үчүн технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин жалпы жамааты, университет жетекчилиги салтанаттуу иш-чара уюштуруп, аларды окуу жайдан шаңдуу узатышты.

Факультеттин деканынын милдетин аткаруучу З.А.Тешебаева бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, эмгек жолдорун ийгиликтүү улантып кетүүлөрүнө тилектештигин билдирди. Салтанатка факультетти бүтүрүп жаткан бүтүрүүчүлөр, окуу жайдын жетекчилиги, факультеттин жамааты жана сырттан келген коноктор катышты.

Университет жетекчилиги тарабынан бүтүрүүчүлөргө куттуктоолор айтылып, төрт жыл аралыгында университеттин жана факультеттин коомдук иштерине активдүү катышып, мыкты ийгиликтерди жараткан бүтүрүүчүлөргө ардак грамоталар менен бирге баалуу белектер тапшырылды.

Иш-чаранын негизги максаты университетти аяктап, чоң турмушка сапар алган бүтүрүүчүлөрдүн коомдо өз ордуларын татыктуу табууга, өз кесибин сүйүүгө, өз элинин жана жеринин чыныгы патриоту болууга чакыруу болуп саналат.

Технология жана жаратылышты пайдалануу факультети Кыргызстандын түштүк аймагында биринчилерден болуп технология багытындагы жогорку билимдүү адистерди даярдап баштаган жана өзүнүн көп жылдык тарыхында жогорку квалификациялуу адистерди даярдап берди. Учурда факультеттин бүтүрүүчүлөрү өз адистиктери менен өлкөдөн тышкары алыскы жана жакынкы коңшулаш чет мамлекеттерде ийгиликтүү эмгектенип жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE