Пример HTML-страницы

Оштогу тургун 500 миң долларынан кол жууган. Прокурор кылмыш иш тууралуу айтып берди

Акыркы жанылыктар

Turmush2024-жылдын 1-кварталында Ош шаардык соту тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча 11 адамга карата 11 кылмыш иши каралды. Бул тууралуу Ош шаарынын прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору Исламбек Жоошбаев билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 10 адамга карата 10 кылмыш иши боюнча айыптоо өкүмдөрү кабыл алынып, 3 адамга карата 3 кылмыш иши боюнча жабырлануучулар менен бүтүмгө жетишкендигине байланыштуу айыпталуучулар кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулуп, иш өндүрүштөн кыскартылган. 1 адамга карата 1 кылмыш иши боюнча өндүрүштөн токтотулган.

Апелляциялык инстанцияга, тактап айтканда Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Ош облустук сотуна 1 адамга карата 1 кылмыш иши боюнча 1 апелляциялык сунуш келтирилген. Анын кароонун жыйынтыгы менен сунуш канааттандырылып, соттолуучуга карата мыйзам чегинде кошумча жаза түрү берилген.

Мисалы, 2021-2022-жылдары айыпталуучу — 1978-жылы туулган К.Э.А. жабырлануучу — 1982-жылы туулган А.О.нун ишеничине кирип, 500 000 АКШ доллар (37 393 290 сом) өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарды, кыймылдуу (жүк ташычуу автоунааны) жана кыймылсыз мүлктөрдү (Ош шаарындагы 2 батир, 1 жер үй) мыйзамсыз ээлеп алып, өз кызыкчылыгына колдонгон.

Мындан тышкары 2023-жылдын май, июнь айларында Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө жабырлануучулар Ш.Т. жана А.Ш.нын ишеничине кирип, 5,7 млн сомдук «Лексус РХ-350» жана 4,4 млн сомдук «Лексус ЕС 300Н» үлгүсүндөгү автоунааларды мыйзамсыз ээлеп алып, өз кызыкчылыгына колдонгон.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш иши Ош шаардык сотуна кароо үчүн жиберилген.

Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 8-январындагы өкүмү менен айыпталуучу К.Э.А. Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) 3 эпизод менен күнөөлүү деп табылган.

— Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлөлүгүгү 1-пункту боюнча мүлкүн конфискациялоо менен 6 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган;

— Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлөлүгүгү 1-пункту боюнча мүлкүн конфискациялоо менен 6 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган;

— Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлөлүгүгү 1-пункту боюнча мүлкүн конфискациялоо менен 6-жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесинин (кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоо) негизинде кылмыштардын жыйындысы менен белгиленген жазаларды жарым-жартылай бириктирүү жолу менен айыпталуучу К.Э.А. биротоло мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган.

Жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсү белгиленген.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренеси (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) колдонулуп, 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулуп, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөдөн бошотулган.

Аталган өкүмүгө карата 2024-жылдын 17-январында Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Ош облустук сотуна апелляциялык сунуш келтирилген.

Ош облустук сотунун 2024-жылдын 6-мартындагы өкүмү менен Ош шаарынын прокуратуратурасынын апелляциялык сунушу жарым-жартылай канааттандырылган.

Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 8-январындагы өкүмү өзгөртүлгөн. Соттолуучу К.Э.А.га карата мүлкүн конфискациялоо жана эркиндигинен ажыратуу жаза түрлөрүнөн тышкары кошумча 2 жыл 6 айга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу жаза түрү колдонулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE