Пример HTML-страницы

Оштогу борбордук көчөлөр муз болуп жатканын айтышты. Транспорт министрлигине кат даярдалып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын жолдорун тазалоо иштерин Ош шаардык жолдор башкармалыгы, «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасы, №21 жол тейлөө мекемеси, Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты аткарат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, акыркы күндөрү тынымсыз жааган кардан улам жолдорду тазалоо, кум жана туз себүү иштери жүргүзүлүп жаткан менен кээ бир чоң жолдор муз жана кар бойдон турат.

Мунун себебин вице-мэр Сонунбек Жунусбаев №21 жол тейлөө мекемеси караган жолдор жакшы тазаланбай жатканы менен түшүндүрүп, бул боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлигине кызматтык кат даярдалып жатканын билдирди.

«Муниципалдык ишканалар: Ош шаардык жолдор башкармалыгы, «Ош-Тазалык», Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты жалпы 16 техника менен кум жана туз себүү иштерин тынымсыз жүргүзүп жатат. Жалпы 51 тонна туз себилди. Ал эми №21 жол тейлөө мекемесине караган Раззаков, Осмонов, Касымбеков, Исанов көчөлөрү СМТТУ тараптар жакшы тазаланбай калды. Бөлүнбөйлү деп муниципалдык ишканалар жардам кылып, карды сүрдүрүп бердик. Бирок биз аларга туз, кум бөлө албайбыз», — дейт Жунусбаев.

Ал эми №21 жол тейлөө мекемеси шаар ичиндеги жолдор аларга карабай турганын, шаардан чыгып кетүүчү, шаар четиндеги жолдор карай турганын билдиришти.

«Биздин ишкана жалпы 307 км жолду тейлейбиз. Анын ичинде эл аралык жолдор бар. Биринчи ошого көңүл бөлөбүз. Андан сырткары ашуулар бар, аларды да дароо тазалап, туз себебиз. Ошондой эле шаар четиндеги шаарга кирүүчү, чыгуучу жолдор карайт. Бирок бир учурда ушунун баарын тазалоого физикалык, техникалык жактан жетишпейбиз. Кышкыга кум, туз себе турган 6 техника бар. Алар да райондордо жүрөт. Шаарга бир-экөө гана тиет. Министрликтин деле бул маселелер боюнча кабары бар. Бирок Кыргызстан боюнча 57 жол тейлөө ишканасы болсо баарында эле техника, каражат маселеси бар», — дейт аталган мекеменин жетекчиси Заирбек Сабиров.

Шаар тургуну Нурсултан Домоев Оштогу борбордук көчөлөр кар менен муздан толук тазаланбай жатканын айтат.

«Мисалы, шаардагы борбордук көчөлөрдүн жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайлары муз болуп, адамдар араң өтүп жатышат. Тротуарларга такыр кум да, туз да себилген эмес. Бир-эки күн эле кар жаады, азыр жок. Эртең менен эл жумушка чыкканга чейин туз сээп коюшса болмок да», — дейт жашоочу.

Ош шаардык кеңешинин депутаты Бекболот Арзибаев мындай маселе Ошто эле эмес, Бишкек шаарында да болуп жатканын айтты.

«Жолду күнү-түнү тазалап жатышат. Негизи 16 техника жалпы шаарга аз да, физикалык жактан да жетишпейт. Азыр шаарда чоң көчөлөр тазаланганы менен кичине жолдор калып калып жатат. Толук тазалоого 3-4 күн керек деп ойлойм», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE