Пример HTML-страницы

Оштогу аялдамада 20 жаштагы жигит 2 кичи автобустун ортосунда калган (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы аялдамада эки кичи автобустун ортосунда калган жарандын буту сынды. Окуя Аскар Шакиров көчөсүндөгү аялдамада 17-мартта14:55де болгон.

Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, 20 жаштагы жигит №109 кичи автобустун ичинен чыгып бараткан. Ошол учурда коомдук транспортко жанаша токтогон №12 кичи автобус биринчи унаанын каалгасына урунган. Жүргүнчү бул эки транспорттун ортосунда калган.

№12 каттамдагы кичи автобус «Интертранс Сервис» ЖЧКга тиешелүү. Коомдук унааны Б.Р. башкарып бараткан.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «ИНТЕРТРАНС СЕРВИС» ЖЧКнын түзүүчүсү жана жетекчиси — Сатыбалдиева Нурбү Жолдошовна. Компания 2022-жылдын 26-октябрында кайра каттоодон өткөн.

Негизги ишмердүүлүгү — такси жана жүргүнчүлөрдү ташуу кызматы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE