Пример HTML-страницы

Ошто башы жанчылган адамдын сөөгү табылган соң, аны менен чогуу болгон адам камакка алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushАйылдашын башына уруп өлтүрүп алган жаран, тергөө бүткөнчө камакта калтырылды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаардык соту кылмышка шектүү — 1991-жылы туулган Б.Ю.нун баш коргоо чарасын карап, тергөө иштери аяктаганча камакта калтырган.

11-ноябрда саат 16:20 чамасында Ош шаарынын Кеңеш айылында 3 айылдаш дарыканадан этил спиртин сатып алып ичишкен. Алардын бири кетип калган. Кеңеш айылынын тургундары — 1978-жылы туулган Б.Ж. менен 1991-жылы туулган Б.Ю. спирт ичимдигин ичүүнү улантышкан. Экөөнүн ортосунда пикир келишпестик болуп, Б.Ю. айылдашын жерде жаткан цементтин калдыгы менен башына чаап, кетип калган. Б.Ж. алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

12-ноябрда саат 10:30да милицияга эркек кишинин жансыз денеси табылганы боюнча маалымат түшкөн. Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган окуяга шектелип 1991-жылы туулган Б.Ю. 13-ноябрда кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүмү (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Окуя болгон жерден 8 даана 100 граммдык этил спиртинин бөтөлкөсү, 1 даана баш кийим, күйгүзгүч (зажигалка) табылды.

Биологиялык, медициналык, дактилоскопиялык экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE