Пример HTML-страницы

Ошто акча талашып мушташкан делген облустук милициянын кызматкерлери боюнча териштирүү башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushСоциалдык тармактарга тарап жаткан билдирүү боюнча Ош ОИИБдин кызматкерлеринин үстүнөн териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучусу ушул жылдын 24-ноябрында түн ичинде Ош ОИИБдин кызматкерлери мас абалда бири-бири менен акча талашып мушташканын жазган.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул билдирүү жергиликтүү милицияда маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Ал эми кызматкерлердин үстүнөн ИИМдин Ички иликтөө кызматы териштирүү иштерин жүргүзүп баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE