Пример HTML-страницы

ОшМУ дүйнөлүк рейтингде ТОП-5ке кирген Япониядагы университет менен кызматташат

Акыркы жанылыктар

Turmush27-29-март күндөрү ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация Япониядагы Токия медициналык жана стоматологиялык университетинде болушту.

Иш сапардын биринчи күнүндө университеттин белгилүү окумуштуулары болгон профессорлор Казуки Такада, Шужчи Тохда, Коджи Моришита баштаган университеттин саламаттыкты сактоодогу жетекчилиги жана алдыңкы илимий изилдөө программалары менен таанышты.

Аталган университеттин ооруканасындагы курч кырдаалдарда жардам көрсөтүү жана кырсык медицинасы жайгашкан уникалдуу бөлүмдүн ишин көрүштү.

Иш сапардын биринчи күнү дипломдон кийинки билим берүү программаларынын өкүлдөрү профессор Аяме Ямазаки жана Кейичи Акита менен болгон жолугушуу менен жыйынтыкталды.

Токия медициналык жана стоматологиялык университети (TMDU) Япониядагы бакалавриат жана магистратура программалары боюнча билим берген жалгыз комплекстүү медициналык университет болуп саналат.

Бакалавриат программалары боюнча медициналык жана стоматологиялык адистерди даярдайт. Магистратура программалары боюнча изилдөөчүлөрдү (фундаменталдык изилдөөлөрдү жана клиникалык изилдөөлөрдү) жана окутуучуларды даярдайт.

Токия медициналык жана стоматологиялык университети дүйнөгө белгилүү университеттердин бири. Университет QS рейтингинде Япониядагы эң мыкты ТОП-3 университеттин катарына кирет. Университеттеги стоматология адистиги Япониядагы медициналык университеттердин арасында биринчи орунду ээлейт жана дүйнөлүк рейтингде ТОП-5ке кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE