Пример HTML-страницы

Ош технологиялык университетинде сүмөлөк даярдалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинде 21-март — Нооруз майрамына карата буудай өндүрүлүп, сүмөлөк кайнатылды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, сүмөлөк кайнатуу аземине окуу жайдын жалпы жамааты катышып, куттуктоо сөздөрүн, каалоо-тилектерин айтышты. Бул саамалык окуу жайдын жетекчилиги, тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаменти, бириккен профсоюз комитети жана энергетика факультети тарабынан уюштурулуп, майрам ыр-күү менен коштолду.

«Келген конокторго сый тамак уюштурулду. Мындай майрамдык иш-чара жыл сайын жетекчилик тарабынан уюштурулуп келет», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE