Пример HTML-страницы

Ош шаарында айымдар жана мырзалар арасында дзюдо боюнча мелдеш башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 28-майда Ош шаарында айымдар жана мырзалар арасында дзюдо боюнча мелдеш башталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, анын ачылышына Дзюдо боюнча улуттук федерациянын президенти Жолдошбек Көлбаев баш болгон жетекчилер катышты. Таймашка өлкөнүн бардык аймактарынан келген 150 спортчу катышып жатат. 2 күнгө созула турчу мелдеш 14 салмак категорияда уюштурулду.

Турнирдин калысы Таалайбек Сатиевдин айтымында, мелдеште 1-2-орундарды алган спортчуларга спорт чебери деген наам берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE