Пример HTML-страницы

Ош шаарына алынып келген 100 автобусту төрт багыт боюнча каттамга чыгаруу пландалып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарына алынып келген жаңы автобустар каттамдарга кошула элек.

Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасынын директору Саибжан Турдуев билдиргендей, учурда автобустарга номур алуу жана каттамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

«Автобустарды №143, №125, №107 линияларына чыгаруу планы бар. Бирок акыркы чечим эмес. Автобустардын өзүнүн А чекиттен Б чекитке чейинки жүрүү эрежелери бар. Ошого жараша линияларга чыгарылат», — дейт Турдуев.

Жаңы автобустарда жалпы 25 отургуч бар, сыйымдуулугу 55-60 жүргүнчүгө ылайыкталган. Жакынкы убакыттарда шаар ичиндеги төрт багыт боюнча каттамга чыгарылат.

———————————————

2024-жылдын 21-мартында, тактап айтканда Нооруз майрамына карата Ош шаарына Өзбекстан Республикасынан 100 автобус алынып келген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аземге катышып, автобустардын ачкычтарын тапшырган.

Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаевдин айтымында, автобустарда жол акы электрондук төлөөгө өткөрүлөт.

«Бул автобустарга жаңы эрежелерди киргизебиз деп пландаштырып жатабыз. Жол төлөө кызматтарын электрондук форматка өткөрөбүз деп турабыз. Мурда накталай төлөө болсо, эми карта менен төлөй турган кылабыз. Ушул боюнча сынак жарыялаганбыз, учурда эки компания катышып жатат. Апрель айынын ортолорунда иштеп баштайт.

Каттамдар боюнча айта турган болсок, төрт линияга бөлүнөт. Биринчи каттам Фуркат тараптан, экинчиси Озгур, үчүнчүсү Ак-Тилек жана борбордук көчө Туран (түштүк) линияларына бөлүнүп, чоң каттам болот. Мындан сырткары жылдын аягында дагы 100 троллейбус келет. Автобустар Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу келди. Республика тараптан 30%ы төлөнүп, калганын 5 жылга бөлүп төлөйбүз», — деген Жунусбаев.

Автобустардын ичинде телефон кубаттагычтар, кондиционерлер бар. Жалпы 25 отургуч жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн орундар камтылган.

————————————————-

2024-жылдын 16-мартына Ош шаарына Өзбекстандан автобустардан алгачкы партиясы алынып келген болчу.

————————————————————

2023-жылы 27-декабрда Ош шаардык кеңешинин сессиясында Ош шаарына Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылык лизинг аркылуу автобустарды сатып алууга жана республикалык бюджеттен максаттуу трансферт алууга макулдук берүү жөнүндө маселе каралган.

Ош мэриясы статистикалык маалыматка таянып, шаардагы ички жана сырткы миграцияны эске алганда жалпы 600 миң адамга автобустар жетишсиз экенин жүйөө келтирген. Бул маселени жөнгө салуу үчүн «СамАвто» заводунан «ISUZU SAZ LE 60» үлгүсүндөгү жалпы 100 автобусту 5 жылдык мөөнөткө каржылык лизинг аркылуу алуу пландаган.

Ош мэриясы менен «СамАвто» заводунун алдын ала сүйлөшүүлөрүнө ылайык, бир автобус 90 миң долларды түзүп, жалпы 100 автобус 9 млн долларын түзөт.

Түзүлгөн шартка ылайык, жалпы сумманын алдын ала 30 пайызын жана башка чыгымдар менен биргеликте орто эсеп менен 3 млн доллар каражатын бир учурда төлөө белгиленген. Мындай сумма жергиликтүү бюджетте жок болгондуктан, республикалык бюджеттен алууга туура келген.

Мындан улам Ош мэриясы тарабынан Ош шаарына автобустарды Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун эсебинен 5 жылдык мөөнөткө, негизги суммасын төлөөдө 6 айлык жеңилдетүү мөөнөтү жана 5 пайыздык үстөк менен 8 млн 950 миң доллар өлчөмүндөгү финансылык лизинг аркылуу насыя жана насыянын 30 пайызын алдын ала төлөө үчүн республикалык бюджеттен максаттуу трансферт алууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени Ош шаардык кеңешинин сессиясына сунуштаган.

Мэриянын кызматкерлери билдиргендей, кийинки сүйлөшүүлөрдүн негизинде «СамАвто» заводу автобустарды 500 долларга арзандаткан.

Алдын ала маалыматка ылайык, аталган автобустар дизелдик күйүүчү май (солярка) менен жүрөт.

Бир автобустун баасы 89 500 долларды түзөт.

«СамАвто» заводунун өкүлү автобустар 2024-жылдын март айынын аягына чейин алып келинерин билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE