Пример HTML-страницы

Окууга эки жолу өтпөй калган Кутман Кореяда көп маяналуу жумушта иштеп жатат

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 24 жаштагы Кутман Турсунбеков. Ал корей тилин үйрөнүп, 2017-жылдан бери Түштүк Кореянын Ичон шаарында эмгектенип жатканын Turmsuh басылмасынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, мектепте билим алып жүргөндө милиция кызматкери болууну кыялданчу. Өзү каалаган окуу жайга өтүүгө жалпы республикалык тестирлөөнүн упайы жетпей калганына байланыштуу Кореяга кетүүнү чечкен.

«Мен 1997-жылы төрөлгөм. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчисимин. Туугандардын арасында милиция кызматкерлери көп болгондуктан, мен дагы алардын катарын толуктагым келчү. Ошентип Жети-Ѳгүз районуна караштуу Жалгыз-Ѳрүк айылынын А.Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебинде 11-классты аяктап, Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы академиясында билим алууга аракет кылып көрдүм. Окуу жайга өтүүгө ЖРТдан 2 упай жетпей калды. Анан кайра экинчи жылга калып, дагы барууну туура көрдүм. Бир жылды бош кетирбейин деп корей тилин үйрөнүп жүрдүм. Кийинки жылы да ЖРТ тапшырып, өзүм каалаган окуу жайга кандайдыр бир себептер менен дагы илинбей калдым.

«Эл эмне дейт?» деген сөзгө таянып, башка окуу жайга барсам деле болот эле. Бирок кийин мен дипломду сандыкка салып койгум келген жок. Анан 2017-жылы Түштүк Кореяга келишимдин негизинде жумушка алып кетерин угуп, сынак тапшырып көрүүнү туура көрдүм. Ал сынакты абдан көп адам тапшырарын уккан элем. Мисалы, 3,5 миңге чукул адам сынак тапшырса, анын арасынан жогорку упай топтогон 300-400 эле адам кетмек. Кудайдын буйругу экен, сынактан өтүп кеттим. 2 айдын ичинде Корея мамлекетинен 3 жылга түзүлгөн келишим келди. 3 жыл иштеген соң, өз каалоом менен келишимди дагы 1 жыл 10 айга узарттым. Ошентип Кореяда иштеп жүргөнүмө 4 жыл 5 ай болду. Жакын арада өз өлкөмө кетүүнү көздөп жүрөм», — деди ал.

К.Турсунбеков Ичон шаарындагы клеёнка чыгаруучу заводдо кичи унаанын айдоочусу болуп эмгектенерин айтат.

«Мен Кореяга келгенде тил жагынан кыйынчылык деле болгон жок. Алардын тамак-аштары абдан ачуу болгондуктан бир аз көнө албай жүрдүм. Кийинчерээк тамак-ашына да көнүп, азыр сууга бышкан күрүч менен кимчхи жебесем сагына турган абалга кептелдим.

Түзүлгөн келишим боюнча, жумасына 5 күн 8 сааттан иштеп беребиз. Бул жакта ар бир жасаган жумуш убакытка жараша бааланат. Кошумча иштесең, жакшы акча табасың. Менин ишим жеңил болгону үчүн күнүнө 12 саат бою иштегенге көнүп калгам. Ал эми дем алыш күндөрү Кыргызстандан чогуу келген достор менен жолугуп, өзүбүздүн ашканаларга барып, тамактанып турабыз. Ошондой эле Кореянын кооз жерлерине барып, маданияты менен таанышып турмай жайыбыз да бар. Кыска мөөнөттөгү иш тажрыйбамдын аркасы менен көптөгөм ийгиликтерге жетиштим десем болот.

Эң башкысы ата-эне, бир туугандарга жардам берип келе жатам. Эӊ негизгиси мен мурда кызыгып, салт-санаасын тааныбаган өлкөгө келип, иштегениме өкүнбөйм. Анткени Кудайым буйруп, көптөгөн ийгиликтерге жетиштим десем болот. Бул жылы жай мезгилинде эмгек келишим аяктайт. Азыр бош убакыт болсо, тил үйрөнүүнү улантып жаткан кезим. Кудай буюрса мекенге аман-эсен барып, сагынычыбызды таратып келсем, Корея мамлекетинен билим алууну ойлоп жүрөм.

Убагында окууга өтпөй калдым деп, окубай койгон туура эмес. Адамдын билим алууга көңүлү болсо, жашы тоскоол болбойт экенин түшүндүм. Бул жакта жашоо канчалык кымбат болбосун аракет кылып, көптөгөн ийгиликтерге жетишсе болот.

Ал эми менин канча айлык маяна аларымды айтсам, бул жактагы достор таарынып калышы мүмкүн. Анткени ар кимдин иш убактысы ар кандай болот. Мен кошумча иштеген убактым көп болгону үчүн айлык маяна жакшы чыгат.

Кореяда минималдуу айлык маяна 1500 долларды түзөт. Тактап айтканда, жумасына 5 күн, 8 саат иштеген адамдыкы. Калганы кошумча саат иштегенине жараша эсептелет.

Эгерде кимде-ким Кореяга келип иштейм деп жүрсө, корей тилин жакшы үйрөнүп келсе , көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE