Пример HTML-страницы

Ноокенде өрт чыккан көп кабаттуу үйдөн жансыз дене табылган. Шектүү колго түштү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Ноокен районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 24-мартында саат 22:00 чамасында Ноокен РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ноокен райондук өрткө каршы кызматынын диспетчери аркылуу чакыруу түшүп, ошол эле райондун Масы айылында жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 4-кабатында өрт чыккандыгын билдирген.

Окуя болгон жерге Ноокен РИИБдин ыкчам тергөө тобу барган учурда 69 жаштагы жарандын жансыз денеси табылып, анда жаракаты бар экендиги аныкталган.

Бул окуя Ноокен РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Ноокен РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү Базар-Коргон районунун 42 жаштагы тургуну Д.М. экендиги аныкталып, тергөө кызматына алынып келинген.

2024-жылдын 27-март күнү кылмыш ишине шектүү катары 42 жаштагы Д.М. Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Ноокен райондук соту тарабынан 2 айга камакка алынды.

Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE