Пример HTML-страницы

Ноокен районунда жаңы түзүлгөн айыл аймактардын башчылары

Акыркы жанылыктар

TurmushНоокен районунда административдик-аймактык реформадан кийин жаңыдан 3 айыл өкмөт түзүлүп, Момбеков өзгөрүүсүз калды.

Маалым болгондой, район тибинде Шамалды-Сай шаары пайда болду. Райондо 4 айыл өкмөт, 2 шаар болуп калды.

Арал, Шайдан жана Масы айыл аймактары бириктирилип, Дооронбек Садырбаев айыл аймагы түзүлүп, Бекибаев Алтынбек Равшанбекович башчы болуп дайындалды.

  • А.Бекибаев 2013-жылдан ноябрь айынан тарта Достук айыл өкмөтүндө иштеп баштаган. Буга чейин финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы, айылдык кеңеште депутат, айылдык кеңештин төрагасы, айыл өкмөт башчысынын орун басары кызматтарында иштеген. 2022-жылдын март айынан бери Достук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келген болчу.

Сакалды, Ноокен айыл аймактары бириктирилип түзүлгөн Эргеш Алиев айыл аймагына Шергазы Алыкулов башчы болуп дайындалды. Ал 2023-жылдын август айынан тартып 2024-жылдын март айына чейин Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аркалап келген.

Бүргөндү-Достук айыл аймагын Болот Календеров жетектеди.

  • Шамалды-Сай шаарынын мэри болуп Мирбек Тотонов дайындалган.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE