Пример HTML-страницы

Нарындын кызы Бегайым бешбармак үчүн этти кантип тууроо керектигин көрсөтүп берди

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылынын 23 жаштагы тургуну Бегайым Мирбекова бешбармак үчүн этти туураган видеосу элдин көңүлүн буруп, көптөгөн интернет колдонуучулардын мактоосуна татыды. Аймактык кабарчы аны менен маек курду.

«К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил бөлүмүн аяктагам. Учурда Бишкек шаарында жашап, тигүү тармагында чакан бизнес менен алекмин.

Нарында чоң ата жана чоң энемден тарбия алып чоңойгон кызмын. Илгерки адамдар этти тактайга туураганды жактыра беришпейт. Анткени туураган эттин даамы супсак болуп калат дешет. Ошол себептүү чоң энем этти колго туураганды үйрөткөн. Кийинчерээк атамдын эки бычак менен этти бат туурап жатканын көрүп, аракет кылып өздөштүрүп алдым. Бирок эки бычак менен этти тууроо күчтү талап кылгандыктан, жигиттер ылдамыраак кессе керек деп ойлойм», — деди ал.

Анын айтымында, этти даамына чыгаруу үчүн майдалап туурайт.

«Эт кескенимди видеого тартып, социалдык тармактагы өздүк баракчама жүктөп койсом, таң калгандар да, мактагандар да болду. Айрымдарынан “этти майдалап салдың” деген да пикирлерди окудум. Этти даамына чыгаруу үчүн жана кары адамдар үчүн этти майда тууроо жакшы деп эсептейм. Кээ бири ”үйүңөрдө эркек жокпу?” деп да жатышты. Менимче колуңдан келип турса, эмнеге кылбаш керек?

Үй-бүлөдө 6 бир туугандын улуусумун. Удаа 3 кыздан кийин 2 иним жарыкка келгендиктен, атама жардамдашып жүрүп, чөп чөмөлөп, сугатка барып, мал кайтарып, эркектин жана башка жумуштарын жасап үйрөнгөнмүн», — деди ал.

Бегайым бош убактысында эмне менен алек болорун айтып берди.

«Турмуш жолуна аттана элекмин. Ошондуктан убакытты туура пайдаланып, өзүмдүн үстүмөн иштеп, алдыга карай умтулууга аракет кылам. Кайрымдуулук иштерди жасаганга аракет кылам. Өзүм окуп кеткен билим уяма китеп сынагы, интеллектуалдык оюндарды уюштуруп келем. Театрга, концерттерге баруу менен бирге кооз жерлерди көрүүнү жактырам. Мындан сырткары, аңгеме жазуу менен алекмин.

Келечекте адабият ааламында аттын кашкасындай белгилүү болгон жазуучу болууну кыялданам. Жараткан жар болуп, тилектерибизди кабыл кылып, майда кадамдарыбыз чоң кыялдарыбызга алып барат деген жакшы изги тилектерим бар», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE