Пример HTML-страницы

Нарындагы ээн үйдө мыкаачылык менен өлтүрүлүп, жансыз денеси зордукталган кыздын өлүмү. Окуянын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын райондук сотунда өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлүп, андан соң жансыз денеси зордукталган окуучу кыздын өлүмү боюнча кылмыш иштин материалдары каралып, 2023-жылдын 22-августунда өкүм кабыл алынды.

Шамурат (аты өзгөртүлдү, Ш.Х.) 1959-жылдын 2-майында Нарын облусунун Нарын районунун Орто-Нура айылында туулган, билими орто, үй-бүлөлүү 3 баланын атасы, мурда соттолгон эмес, эч жерде иштебейт.

Буга чейин Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2023-жылдын 28-апрель күнү саат 21:00 чамасында Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну А.к.Н. Нарын РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кызы — 2016-жылы туулган Ж.А.Ж. мектебинен саат 15:30 чамасында сабактан чыгып, ошол бойдон үйүнө келбей жатканы тууралуу маалымдаган. Ушул эле күнү аталган факты Нарын РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө окуянын жагдайлары аныкталган. Ж.А.Ж. Нарын районунун Орто-Нура айылынын чыгыш тарабында жайгашкан сарайдагы үйүнөн айылдагы орто мектепке жөө барып келип окуп жүргөн. 2023-жылдын 28-апрель күнү саат 12:00 чамасында өзү жалгыз мектепке окуганы кетип, кайра саат 15:30 сабактан чыгып, болжол менен 17:00-17:30 аралыгында үйүнө келбей калгандыктан, апасы Н.А.К. милицияга билдирип, айылдыктардын WhatsApp тайпасына кызы жок болуп жаткандыгы тууралуу жазган.

Айылдын эли чогулуп, издөө иштерин уюштуруп, болжол менен саат 22:10 чамасында Ж.А.Ж.нын жансыз денеси Нарын районунун Орто-Нура айылында киши жашабаган үйдүн ичинен табылган. Сыртынан кароо жүргүзүүдө күч колдонулган белгилери аныкталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну — 1959-жылы туулган Ш.Х. аттуу жаран мас абалында кармалган.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Шамурат 2023-жылдын 28-апрелинде саат 16:00 чамасында үйдүн алдынан кетип бараткан жашы жете элек — Нарын районунун 2016-жылы туулган тургуну Жаңылайды (аты өзгөртүлдү, Ж.А.) көрүп калган. Бул убакта Шамурат мас абалда болгон. Ал жыныстык кумарын кандыруу үчүн алгач аны өлтүрүү максатын көздөп, жабырлануучуну жанына чакырган. Андан кийин бир тууган иниси Б.Ш.га таандык эски үйдүн короосуна алдап алып кирип, Жаңылайды башка таш менен 2-3 жолу чапкан. Андан ары жабырлануучуну үйдүн кире бериш бөлмөсүнө алып кирген.

Шамурат кылмыштуу аракетин улантып, үйдүн ичинде жаткан кайчынын бир бөлүгү менен Жаңылайды моюнунан өзгөчө мыкаачылык менен туурасынан 5-6 сантиметрдей союп, андан кийин моюнуна 9 жолу сайып, сол кулагынын арткы бөлүгүн 4-5 сантиметрдей кесип, моюнуна кайчынын бөлүгүн сайган бойдон калтырган. Андан кийин максатын ишке ашыруу үчүн Жаңылайдын шымын шыпырып, жансыз дене менен жыныстык катнашта болуп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Сотто айыпталуучу Шамурат күнөөсүн толук мойнуна алып, буларды көрсөттү. 28-апрель күнү саат 09:00 чамасында тоодон А. келип: «Тоого барып, жер айдап бергиле» деген. Шамил макул болуп жерин айдашкан. Андан ары А. экөө бири-бирине арак алып берип, ичип отурушкан. Андан соң А. кетип калган. Өзү мас болуп калгандыктан үйүнө жетпей, инисинин үйүнүн жанында отурган. Ошол маалда кетип бара жаткан Ж.нын кызын көрүп калган. Буга чейин Шамурат Ж.нын үйүндө трактор оңдоп жүргөндүктөн, Жаңылай аны таанып жанына келген. Кызды үйдүн короосун көрсөтүп алып кирген. Жабырлануучу эшик тарапка басканда, качып бара жатат деген ой менен аны таш менен эки жолу чаап жиберген. Жаңылай жыгылып калганда бутунан тамдын ичине сүйрөп барган. Ал жерден таштандыда жаткан кайчынын бир бөлүгү менен моюнга эки жолу сайган. Андан кийин жыныстык мүчөсүн тийгизип, үйүнө кетип калган. Көп өтпөй милиция кызматкерлери кармап кеткен.

Шамурат соттон кечирим сурап, жеңил жаза берүүнү сурады.

Сотто жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү айыпталуучуга карата мыйзам чегинде жаза белгилөөнү сурады.

Жыйынтыгында Шамурат Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-7-8-14-пунктары (алсыз абалдагы адамды же баланы; өзгөчө мыкаачылык менен; зордуктоо же башка формалардагы зомбулук менен жыныстык кумарын кандыруу менен коштолгон; башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жеңилдетүү үчүн адам өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, анын негизинде 12 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Кылмыш-жаза кодексинин 67-беренесинин 4-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык, Шамурат жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленди.

Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесинин 5-бөлүмүнүн негизинде камакта кармоонун бир күнү эркиндигинен ажыратуунун эки күнүнө барабар деп эсептелинди.

Анын жаза өтөө мөөнөтү 2023-жылдын 29-апрелинен баштап эсептелинди.

Өкүмгө нааразы тарап соттун өкүмү чыгарылган күндөн тартып 30 сутканын ичинде Нарын райондук соту аркылуу Нарын облустук сотуна апелляциялык тартипте даттануу же сунуштама келтирүүгө укуктуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE