Пример HTML-страницы

Мугалим Э.Чимурбаева жолдошу менен кокустан таанышып, бири-бирин жактырып калышканын дароо түшүнүшкөн

Акыркы жанылыктар

TurmushКемин районунун Белек Солтоноев атындагы Тегирменти орто мектебинде орус тили жана адабияты сабактарынан билим берген Эльвира Чимурбаева болочоктогу жолдошу менен кокусунан таанышып, дароо эле бирин-бири жактырып калышкан. Ошентип каарманыбыз Тегирменти айылына 2012-жылы келин болуп келген. Учурда күйөөсү Таалайбек уулу Өмүрбек экөө 2 уул, 2 кызды тарбиялап жатышат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Эльвира Чимурбаева Токмок шаарында 1992-жылы туулган.

«2011-жылы ноябрь айында Токмок шаарындагы кафелердин бирине кирип калдым. Ал жакта жолдошум Таалайбек уулу Өмүрбек дагы жүргөн экен. Экөөбүз теӊ бири-бирибизди карап, көздөрүбүз чагылышып кетти. Чынында жактырып калдым. Ал дагы мени жактырып калганы көз карашынан билинип турду. Ошентип таанышып, 2012-жылы февраль айында баш коштук», — деди ал.

Эльвира айым 2008-жылы Токмок шаарындагы №2 орто мектебинде 9-классты аяктап, шаардык маданият колледжинин хор жетектөө бөлүмүнө тапшырып, аны 2012-жылы артыкчылык менен аяктаган.

«2012-жылы Билим берүү кыргыз академиясынын орус тили жана адабияты бөлүмүнө тапшырып, аны 2015-жылы аяктадым. Эмгек жолумду 2014-жылы Кемин районунун Белек Солтоноев атындагы Тегирменти орто мектебинде музыка мугалими болуу жана хор ийримин жетектөө менен баштагам. 2016-жылдан бери орус тили жана адабияты мугалими, хор ийриминин жетекчиси болуп эмгектенип келем.

2019-жылы «Жыл мугалими» зоналык кароо-сынагында 3-орунга, 2023-жылы «Жыл мугалими» зоналык каро-сынагында 1-орунга ээ болуп, райондук сынакта 3-орунду ээледим. Үзүрлүү эмгегим үчүн айыл өкмөттүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары менен сыйландым.

Бош убактымды үй-бүлөм, балдарым менен өткөрөм. Хоббим — тамак жасоо, ырдоо», — деди каарманыбыз.

Анын атасы Талантбек Чимурбаев, апасы Света Дүйшөналиева. Өзү беш бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE