Пример HTML-страницы

Москва районунда 1 жылда 1644 бала жарык дүйнөгө келди

Акыркы жанылыктар

TurmushМосква районунда 2023-жылдын башынан ушул мезгилге чейин 1644 бала жарык дүйнөгө келген. Бул тууралуу райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунан билдиришти.

Райондо 12 айыл аймагы бар. Анда 100 миңден ашуун көп улуттуу калк жашайт.

«Үстүбүздөгү 2023-жылдын 29-декабрына чейин райондо 1644 бала төрөлдү. Алардын ичинде 838 кыз, 806 уул бар, 5 эне эгиз балалуу болушкан. Бул көрсөткүч өткөн 2022-жылга салыштырганда 92 бала көп төрөлгөндүгүнөн кабар берет. Ошондой эле эң жаш эне 17, улуусу 45 жашта», — деп айтылат маалыматта.

Өткөн 2022-жылы 1552 бала төрөлгөн — 743 кыз, 809 эркек бала. Ал эми 6 эне эгиз балалуу болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE