Пример HTML-страницы

Мергенчи Турганбай Токтобеков туш болгон таң калычтуу окуя

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Чоң-Алай районунун Карамык айылынын 69 жаштагы тургуну Турганбай Токтобеков мергенчилик менен алек. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде эмне себептен мергенчиликке кызыгып калганын айтып берди.

«Мерген десе эле «атат, жырткыч» деген сөздөр эл арасында айтыла берет. А бирок, мерген дегенди анык түшүнгөн адам жаратылышты коргогон эң биринчи адам болушу керек. Мергенчини элдин малдарын жырткычтардан сактаган адам катары таанышса дейм», — деди ал.

Анын айтымында, мурун Ош-Баткен мергенчилер коому болгон. Ал коомго мүчө болуп кирген.

«1981-жылы Алай району, кийин Чоң-Алай району болуп бөлүнүп кетти. 1983-1984-1985-жылдары бул коомдо иштедим. Алгач жаратылышты коргоочу инспектор болуп эмгектендим. Кийин Оштон, Гүлчөдөн балдар келип иштеди. Аңчылыкта көп карышкыр аттым. Биздин аймакта жаштардан мен эле аңчылык кылчумун. Жумушка жаңы кирген учурда классташым Мамасадык Курбаналиев иштечү. Ал каза болуп калды. Азыркы иштеп жаткандардын баары эле кийин келгендер, биздин убакта иштегендер калган жок», — деди ал.

Мергенчи карышкырдын кантип изине түшкөнүн айтып өттү.

«Карышкырларды ар кандай ыкмаларга салып атчумун. Уулуп, бөлтүрүктөрүн алып коюп чакырып атчу элем. Айылдагы малды кырганда жинибиз келип, карышкырларды атчубуз. Кээде карышкырларды атканда жүрөгүң ооруп, алардын деле бөлтүрүктөрүн аяп кетесиң, Бирок атпай койгонго дагы болбойт. Мал кыргында жиниң келип, кайра атасың. Талаада калып калган койлорду калтырбай кырат. Ошондуктан аларды атуу керек.

Ал эми кайберен, кийиктер боюнча ал убакта мораторий болчу эмес. Кайберенге лицензияны жылына бир жолу берип турчу. Лицензия алып, жаштар кайберен атчу элек. Атам согуш ардагери. Ал «бирден ашык кийик, кайберен атпа, көп өлбөсүн» деп накыл кебин айтчу. Ал кезде мамлекетке эт берчүбүз. Эптеп 1-2 тонна тапшырганбыз. Кийин Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондо тонналап эт тапшырбай калдык, токтоду», — деди ал.

Турганбай Токтобеков аңчылык учурунда туш болгон окуя тууралуу айтып берди.

«Ошол мезгилде 15-20дан кайберен аткан күндөрү түнү менен кыйналып, жакшы уктай албай чыкчумун. Атам «көп атпа, эгер атсаң сага нааразы болуп калам» деп аябай урушчу. Ошентип жүргөн мезгилде бир окуя болуп кетти. Бир күнү көп кийиктерди мага кууп, качырып беришти. Күн ачык болуп, нурун чачып турган эле. Декабрь айы болчу, бир булут кийиктерди каптап, бизге көрсөтпөй калды. Көрүнбөй калганынан карап турсам, өйдөгө карап жылып-жылып, бир кыраңдан ашып кетти. Бир теке менен бир улак калып калыптыр. Оюмда эч нерсе жок эле текени аттым. Теке кулап, тоглонуп, сулап жатып калды. Аябай бакырып, бир башкача кыйкырып, ыйлагандай муңдуу үнүн жар салып, өлүп калды. Теке кулап жатканда улак артынан ээрчип, кырдан кырга кырга секирип, жүгүрүп түшүп келди. Аны да аттым, жыгылды. Мен аскадан түшүп, текени мууздап салдым. Келе жатып улак эсиме келди, аны издеп, таппай калдым. Башкача болуп коркуп кеттим, изи дагы жок. Кийиктерди кууп берген шериктерим бар эле. Алар «эмне үчүн бизди убара кыласың, сен атайлап атпай койдуң» деп тилдешти. Мен аларга булуттан көрбөй калганымды, окуяны толук айтсам, эч ким ишенген жок. Аталган текеден кийин бир да кийик көрбөгөн жокпуз.

Мен колдонгон курал райондун куралы болчу, аны алып барып берип, өзүмдүн куралымды алып келдим. Атама окуяны айтып бердим. Арадан 10-15 күн өттү. Апам үйдө эт калбай калганын айтты. Башка жакка кийикке бардык. Барсак, ал жакта 10 чакты кийик бар экен. Атам кууп берди, мен жетпей калып, аркасынан кууп, алыстан аткылай бердим. Атам «болду аткылаба, ок жетпейт ал жерге, караңгы кирип калды» деди. Ошондо бир ок бир текенин санынын жилигин үзүп кетти. Барганда караңгы кирип, кийик көрүнбөй калды. Атам экөөбүз ошол жерде түнөп калдык. Атам саны үзүлгөн кийик таштын жанында жатканын көрүптүр. Барсам, текенин мүйүзү аркайып, боюн таштап, суналып жатат. Ал жерден мен аткан улакты көрдүм. Жаман болуп, өпкө-жүрөгүм тамагыма тыгылып калды. Улак мени көрүп калып, тоодон ары качып кетип калды. Мен 10 метрдей артынан жүгүрүп барсам, аркы өйүзгө өтүп кетти. Текени мууздап коюп, кайра улакты көргөнү барып изин карасам, изи жок, эч нерсе билинбейт. Ошентип, бир текени алып үйгө келдик.

Келгенден кийин атама баягы өлгөн улак тууралуу айттым. «Эми мындан кийин бирден гана теке атып жүр, ашырып жибербе» деди. Ошондон кийин өзүм дагы такыр бирден ашык тоо текесин атпай калдым. Жаныма башка бирөөнү шерик кылып ээрчитпей, өзүм чыгып келгенге көндүм», — деди ал.

Турганбай Токтобековдун айтымында, азыркы менен мурунку мергенчилердин айырмасы чоң. Союз мезгилинде тартип, этика мергенчиликте сакталган болсо, азыркы кезде ар ким каалагандай атып, айрым учурда жаратылышка зыян келтирип жатат.

Мергенчинин 3 кыз жана 4 уулу бар. Ошондой эле небер күтүп, чоң ата, тай ата болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE