Пример HTML-страницы

Мээрим Түмөнбаева көпчүлүк эркектердин колунан келе бербеген жумуш менен алек

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Чүй облусунун 26 жаштагы тургуну Мээрим Түмөнбаева. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Чоң-Таш айылында төрөлгөм. Мындан 8 жыл мурун 18 жашымда Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Тогуз-Булак айылына келин болуп келип, учурда 2 баланын апасымын. Жолдошум экөөбүздүн Бишкек шаарында туруктуу иштеген жумушубуз бар. Үйгө да буюртма алып, ширетүү кызматын көрсөтүп, бош убактыбызда иштеп турабыз», — дейт ал.

Анын айтымында, ширетүү жумушунан эргүү алат.

«Жолдошум үйдө темир, металдарды ширетип жатканда кызыгып карап калчумун. Анан мага үйрөтүүнү сунуштады, мен баш тарткан жокмун. Анткени кызыгуум бар болчу. Азыркы тапта мектепке 500 даана парта жасап жатабыз. Бош убактымда колума болгарка кармап, темирлерди кесип жана ширетип, жолдошума жардам берем. Көбү “жумуш оор эмеспи?” деп сурап, “кыз башың менен жөн эле койбойсуңбу” дешет. Айрымдары “чын эле билесиңби” деп сурашып, мактоо сөздөрүн айтышат. Сырттан караган кишиге жумуш оор көрүнсө, мен бул жумуштан эргүү алам жана кубануу менен аткарам. Анткени өзүмө ширетүү менен алек болуп, темир менен иштеген жагат»,- дейт ал.

Мээрим анын ширетүү менен алектенерин көпчүлүк кардарлар биле бербегенин айтат.

«Чынын айтсам, буюртма дайым эле боло бербейт. Болуп калганда, жолдошум экөөбүз биригип, жасап бере калабыз. Буюртма берген адамдар менин жасарымды билишчү эмес. Бирок социалдык тармактан менин видеомду көрүп калышып, аябай таң калышыптыр. Кардарлар жолдошума телефон аркылуу байланышып, “мындан ары акчаны сага эмес, келин балага которобуз” деп ташалап калышат. Кээде айылдын кичи автобусуна түшүп калсам, айылдаштар: “сварканын сазайын берип жатасың анан” деп сөз кылып күлүшөт», — дейт ал.

Каарманыбыз келечекте көп балалуу эне болуунун саамайт.

«Өзүм ооруканада иштейм, бир сутка иштеп, 3 күн бошмун. Ширетүүгө буюртма болбой калганда, үйдөгү тигүү машинасында кийим тиге баштайм.

Ширетүү — бул жолдошум экөөбүздүн чогуу ынтымакта иштеген чакан бизнестин башталышы. Баарынан да балдарыма көбүрөөк убактымды бөлгөнгө аракет кылам. Келечекте дагы көп балалуу болсом деп тилек кылам», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE