Пример HTML-страницы

Маянасы 850 еврону түзгөн Бакайдын Италиядагы жашоосу

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 23 жаштагы Бакай Сеитказиев. Ал 4 жылдан бери Италия өлкөсүндө эмгектенип жатканын Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айтып берди.

Бакай Сеитказиев 1999-жылы Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Байзак айылында жарык дүйнөгө келген. 2005-2006-окуу жылында Байзак айылынын А.Молдокеев атындагы орто мектебинин босогосун аттап, Бишкек шаарындагы №76 кесиптик-техникалык мектеп-лицейинде 11-классты аяктаган. Андан соң Италия өлкөсүнө жөнөп, учурда ийгиликтүү эмгектенүүдө.

«Мен үй-бүлөдө алты бир туугандын ортончусумун. Мектепти 2017-жылы бүтүрүп, аскердик кызмат өтөөгө каалоом күч болгондуктан жогорку окуу жайга баруудан баш тарттым. Ошентип күзгү аскердик чакырылышка барарда 18 жашка толбой, жашым жетпей калды. Анан Италияда жашаган туугандарым «Европаны көрүп кет» деп чакырып, 2018-жылдын март айында эл, жер көрөйүн деп жөнөп кеттим. Алгачкы төрт айда тил жагынан кыйналдым. Себеби кыргыз, орус тилдерин гана билчүмүн. Башында жумушта иштөө оор болуп, акырындык менен көнүп кеттим», — деди Бакай.

Анын айтымында, айлык маянасы 850 еврону түзөт.

«Азыркы тапта Наполи шаарында бир үй-бүлөгө тейлөө кызматын көрсөтөм. Мисалы, эртең менен кофе кайнатып берсем, түшкү-кечки тамак-ашын бышырам. Үй жыйнайм, кийимдерин үтүктөп, иреттеп коём. Ал ортодо эки саат тыныгуу болот. Жумасына бир жарым күн эс алам. Бул кызматым үчүн 850 евро (86 020 сом) алам. Кыргызстанга салыштырмалуу бул жакта айлык маяна жогору жана арзанчылыкты байкайм. Анткени Кыргызстанда тапкан акчаң коммуналдык төлөмгө, азык-түлүккө гана сарптаганга жетет.

Чынын айтсам, ашкана жумуштарын мен бул жакка келгенде үйрөндүм. Өзүм башында эле Италия ашканасын үйрөнүүгө кызыкдар болчумун. Ушундан улам тез өздөштүрүп кеттим окшойт. Мен үчүн баары оңой. Бир саатта 2-3 тамак жасап жетишүүгө болот. Көбүнчө макаронду ар түрдү соус менен аралаштырып жасайбыз. Ошондой эле италиялыктар деңиз азыктарына басым жасашат», — деди ал.

Каарманыбыз алдыга койгон ой-максаттары менен бөлүштү.

«Быйылкы жылы 23 жашка чыгам. Италияга келгениме эч качан өкүнбөйм. Анткени окууга тапшырганда убакытты уттуруп жибермекмин. Акча таап, тил өздөштүрүп, алдыга чоң максаттарды койгонду үйрөндүм. Кыска убакыт ичинде Рим шаарын, Сардиния аралын, Сорренто, Салерно деген жерлерди көрүп келдим. Бул жакта документтерди бүтүрүү оор. Буюрса иш кагаздар бүтсө, Европадан бизнес жаатында окуп, билим алууну көздөп жатам», — деп сөзүн жыйынтыктады Бакай Сеитказиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE