Пример HTML-страницы

Мамлекеттин карамагына өткөн Караколдогу «Бугу» жана «Макиш» базарынын сүрөттөрү

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарындагы «Бугу» жана «Макиш» базарлары мэриянын менчигине өттү.

2023-жылдын декабрь айынын ортосунда УКМКнын басма сөз кызматы Ысык-Көл облусундагы соода-базар комплекстеринин ээлери менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ижара акысын төмөндөтүү боюнча макулдашууга жетишилгенин билдирген.

Соода жана оюн-зоок борборлорунун тизмесине А.Рыскуловго катталган «Бугу» жана «Макиш» соода-зоок комплекстери («жашылча базары», «алтын буюмдар», Каракол шаарындагы «кийим-кече базары») кирген.

2024-жылдын февраль айынын ортосунда УКМКнын басма сөз кызматы Каракол шаарындагы «Бугу» жана «Макиш» соода базарынын ээси Р.А.Т өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча кармалганын билдирген.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Р.А.Т. узак убакыттын ичинде бул базарларда иштеген ишкерлерден акча чогултуп, ошол эле учурда фискалдык органдардан алынган пайданын жалпы реалдуу жүгүртүүсүн жашырган.

Мындан сырткары, соода жайларын ошол эле адамдарга кайра сатуу фактылары аныкталган.

Топтолгон материалдардын негизинде кылмыш ишинин алкагында Р.А.Т.га таандык турак жай жана коммерциялык объектилерде кармоо жана издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

УКМКнын басма сөз кызматы 2024-жылдын 28-мартында билдиргендей, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында ыктыярдуу турдө Каракол шаарынын мэриясынын балансына 1,14 гектар аянттагы, наркы 233 млн сомдон ашык «Макиш» жана «Бугу» соода базарлары өткөрүлүп берилген.

«Бугу» жана «Макиш» базарлары Рыскулов Алтынбек Таалайбековичке катталган.

Юстиция министрлигинин маалымат базасында Алтынбек Рыскулов «Алтын-Бек и Ко» ЖЧКсынын (дүңүнөн адистештирилбеген соода) директору жана негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн.

2021-жылдын апрель айында Каракол шаардык кеңешине болгон шайлоодо Рыскулов Алтынбек Таалайбекович саясий партиялардын биринен (№4) талапкерлигин койгон.

Алтынбек Рыскулов 1984-жылы 21-сентябрда туулган.

«Бугу» базары алтын буюмдарды жана зер буюмдарды сатуучу базар болуп эсептелет. Ал жерден ашлянфу жеп, майда-чүйдө нерселерди сатып алууга болот.

«Макиш» базары жашылча базары болуп эсептелет, бул жерде кийим-кече жана тиричилик буюмдары да сатылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE