Пример HTML-страницы

«Кыргыз темир жолу» ишканасы жол кырсыгына кабылган Р.Өмүралиевдин билдирүүсү боюнча комментарий берди

Акыркы жанылыктар

Turmush«Кыргыз темир жолу Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы жол кырсыгына кабылган Расул Өмүралиевдин билдирүүсү боюнча комментарий берди.

Маалыматка ылайык, учурда Расул Өмүрбеков Токмок шаарынын медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясынан текшерүүдөн өтүп жатат.

«Комиссиясынын чечими жана КР Эмгек кодексине ылайык Р.Өмүрбековго тиешелүү төлөмдөр төлөнөт.

Ошондой эле КР Эмгек кодексине ылайык, Р.Өмүрбековго дары-дармек сатып алуу жана башка муктаждыктар үчүн төлөмдөр дарыгерлердин көрсөтмөсү боюнча төлөнүп жатканын белгилейбиз», — деп айтылат маалыматта.

Сокулук районунун Ак-Ордо конушунун 43 жаштагы тургуну Расул Өмүрбеков жол кырсыктан кийин үйүндө жатат.

Кырсык 2023-жылы 12-майда катталган. Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдиргендей, болжол менен саат 08:15 чамасында Бишкек—Чалдабар унаа жолунун 49-чакырымында, Петровка айылынын Борбордук көчөсүндө ВАЗ-21099 «Спутник» үлгүсүндөгү унаа менен «ТАРЗ» үлгүсүндөгү автобус кагышкан. Алар күн чыгыштан күн батышты көздөй бир багытта бара жатышкан. Андан соң, автобус жол жээгинде токтоп турган «Мазда» үлгүсүндөгү унааны сүзүп, оодарылып кеткен.

Анын кесепетинен автобустун ичинде бара жаткан 6 адам жабыркаган. Алардын бири — Расул Өмүрбеков. Ал 1980-жылы 21-ноябрда Талас районуна караштуу Жол-Арык айылында туулган.

Жабырлануучу майыптуулук боюнча медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясы өткөрбөй жатканын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE