Пример HTML-страницы

Коон-дарбыздардын курамында зыяндуу зат барбы? Жалал-Абадда текшерүү жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында базарларда сатылып жаткан дарбыз жана коондордун курамы текшерилип жатат.

Жалал-Абад райондор аралык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Маратбек Кудайбердиевдин айтымында, текшерүү өсүмдүктөрдүн курамында зыяндуу заттар бар же жоктугун аныктоо максатында жүргүзүлүп жатат.

«Жай мезгили келип, жашылча-жемиштер, бакча өсүмдүктөрү жапырт бышып, базарларда сатылууда. Мындай учурда толук бышпаган же курамында зыяндуу зат болгон учурлар да болбой койбойт. Андай учурда жарандардын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши да ыктымал. Ошондуктан биздин кызматкерлер сатылып жаткан жер-жемиштерди алып, аны сөзсүз лабораториялык текшерүүдөн өткөрүүдө. Эгер коон же дарбыздын курамында 1 килограммда 60 миллиграммга чейинки өлчөмдө нитрат табылса, анда ал норма болуп эсептелет. Азыркы тапта калаадагы базарларга коон-дарбыздар негизинен Шамалды-Сай, Кызыл-Жардан алынып келет. Алардын курамандагы нитраттын өлчөмү 22-30 миллиграммга чейин болот. Быйылкы жылы курамында зыяндуу зат табылган учур каттала элек», — деди Кудайбердиев.

Мындан сырткары ал 2022-жылы дарбыз-коондун курамынан зыяндуу зат табылып, адамдын ден соолугуна зыян келтирген 2 учур катталганын кошумчалады.

Нитраттар — азот кислотасынын туздары, түссүз кристалл заттар. Дыйкандар нитратты жер семирткич катары кенен колдонушат. Жашылча-жемиштин курамында ашыкча болгондо ден соолукка зыян келтирет. Нитратка ууланганда адам ал азыкты жегенден 5-6 саат­тан кийин биринчи белгилер байкала баштайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE