Пример HTML-страницы

Кочкордун Талаа-Булак айыл аймагында кар жаап жатат (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 24-майда Кочкор районунун Талаа-Булак айыл аймагында кар жаап жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Дөң-Алыш айылынын тургуну Калый Саралаев билдирди.

Анын айтымында, Дөң-Алыш, Комсомол айылдарында кар жаап, Ак-Жар айылынын тоолуу аймактарында кар 10 сантиметрден ашыгыраак түшкөн. Мындан улам малдар айылга качып келе баштаган.

Ал эми Кочкор районунун башка аймактарында тынымсыз жаан жаап жатат. Жайлоолордо карга айланууда.

Аймактык кабарчы билдиргендей, Кочкор районунда быйылкы жылы жаз башталгандан бери жаан жаай элек болчу.

Аба ырайынын өзгөрүшү менен чөп издегендердин саны арбыды. Район аймагында бүгүнкү күндө сатыкка чөп жок экени, мал байлагандар гана чөп сактап койгону айтылууда. Учурда айрым малчылар Токмоктон бир боо чөптү 380-400 сомдон сатып алышканын билдиришти.

Буга чейин Кыргызгидромет 2023-жылдын 24-май күнү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол—Эңилчек унаа жолунун 74-86 чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөрүн билдирген.

Маалыматка ылайык, жолдор тайгак болуп муз тоңот. 24-май күнү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE